Редакцияот 25.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз 9-отуруму

 

2025-жылдын 25-ноябры № 9/78

 

 

Дем берүүчү гранттын долбоорун бекитүү жана акча каражаттарын бөлүү жөнүндө

 

 

    Дем берүүчү  гранттар долбооруна катышуу жана «Шалта айылындагы Д.Доронбеков атындагы жалпы билим берүү мектебинин сыртын  оңдоо» долбоорун биргелешип каржылоого жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүү жөнүндө Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б. Суюналиевдин  маалыматын угуп жана талкуулап, Күнтуу айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. 2026-жылга дем берүүчү гранттардын бюджетинин долбоору 4 249 687 (төрт миллион эки жүз кырк тогуз миң алты жүз сексен жети) сом өлчөмүндө бекитилсин;
  2. Өздүк салымы  1 274 906  (бир миллион эки жүз жетимиш төрт миң тогуз жүз алты) сом өлчөмүндө бекитилсин;
  3. 2026-жылга дем берүүчү гранттардын долбоорун даярдоого жана  ишке ашыруу үчүн  Күнтуу  айыл өкмөтүнүн башчысы акча каражатын бөлсүн;
  4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б. Суюналиевге тапшырылсын;
  5. Ушул  токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө  калтырам.

 

 

 Айылдык кенештин төрагасы                                     Ж.Ж. Султанбеков