Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 21-сентябры № 30
Материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Гавриловка айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.М. Молдоканованын Романовка айылындагы Юбилейная көчөсүндөгү №2 үйдүн жашоочусу 1977жылы туулган көзүнүн көрүшү боюнча I группадагы мүмкүнчүлүгү чектелген Маасалиева Акбермет Саттаровнага үйгө жаратылыш газын кошуу үчүн материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Романовка айылындагы Юбилейная көчөсүндөгү №2 үйдүн жашоочусу 1977жылы туулган көзүнүн көрүшү боюнча I группадагы мүмкүнчүлүгү чектелген Маасалиева Акбермет Саттаровнага үйгө жаратылыш газын кошуу үчүн Гавриловка айыл өкмөтүнүн бюджетинен 40,0 миң сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнсүн.
2. Гавриловка айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөүмүнүн башчысы Ж.Б.Карымшакова материалдык жардам көрсөтүү үчүн акча каражаттарды издесин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.М. Молдоканованага жүктөлсүн.
Төрага | А.Т.Ибраимов |