Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 21-сентябры № 28
“Республикалык бюджеттен жер салыгынын компенсациясына максаттуу трансферттердин түшүүлөрү жөнүндө”
Гавриловка айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Абадбековдун айыл чарба планын чыгаруу жана республикалык бюджеттен түшүүлөр 572,8 миң сом суумадагы бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү жөнүндө, маалыматын угуп жана талкуулап Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы №137 токтому менен бекитилген жер салыгына ылайык жана айыл чарба багытындагы жер салыгы боюнча пландын аткарылышына жана республикалык 572,8 миң сом суммасында бюджет төмөнкү максаттарга бөлүнсүн:
- ФАП 70721 участогуна 3111 «Имараттар жана курулмалар» беренеси боюнча 100,0 миң сом (Жаңгарач айылындагы көмүркананын курулушу);
- ФАПтын 70721 бөлүмү 2215 «Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу» беренеси боюнча 91,5 миң сом (Жаңгарач айылындагы ФАПтын башкы пландары үчүн);
- 70629 турак жай-коммуналдык чарба бөлүмү 3111 «Имараттар жана курулмалар» беренеси боюнча 381,3 миң сом (көчөлөрдү жарыктандырууну капиталдык оңдоого).
2. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С. Становго жүктөлсүн.
Төрага | А.Т.Ибраимов |