Редакцияот 25.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз 9-отуруму

 

2025-жылдын 25-ноябры № 9/81

 

Дем берүүчү гранттын долбоорун бекитүү жана акча каражаттарын бөлүү жөнүндө

 

 

    Дем берүүчү  гранттар долбооруна катышуу жана « Кызыл-Туу айылынын асфальт төшөлгөн  көчөлөрүн  капиталдык оңдоо» долбоорун биргелешип каржылоого жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүү жөнүндө Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б. Суюналиевдин  маалыматын угуп жана талкуулап, Күнтуу айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. 2026-жылга дем берүүчү гранттардын бюджетинин долбоору 10 755 879 (он миллион жети жүз элүү беш миң сегиз жүз жетимиш тогуз) сом өлчөмүндө бекитилсин;
  2. Өздүк салымы  5 377 940  (беш миллион үч жүз жетимиш жети миң тогуз жүз кырк) сом өлчөмүндө бекитилсин;
  3. 2026-жылга дем берүүчү гранттардын долбоорун даярдоого жана  ишке ашыруу үчүн  Күнтуу  айыл өкмөтүнүн башчысы акча каражатын бөлсүн;
  4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б. Суюналиевге тапшырылсын;
  5. Ушул  токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө  калтырам.

 

 

 Айылдык

кенештин төрагасы                                      Ж.Ж. Султанбеков