Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 21-сентябры № 27
Гавриловка айылдык аймагынын Гавриловка айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2016-жылдын 16-майындагы №59 Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин “Бюджеттерге өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн жалпы шарттарын” жетекчиликке алып, Гавриловка айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.А.Абадбековдун Гавриловка айылдык аймагынын Гавриловка айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловский айыл аймагынын Гавриловский айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү бекитилсин:
I. 70111 Аппаарат бөлүмүнүн «Резервдик фонд» 2824 беренесинен -100,0 миң сомго азайтылсын;
70921 орто мектептер бөлүмүнүн «Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу» 2215 беренеси -130,0 миң сом азайтылсын;
70921 орто мектептер бөлүмүнүн «Имараттар жана курулмалар» боюнча 3111 беренеси +230,0 миң сомго көбөйтүлсүн (Д.Шопоков атындагы орто мектебин тосууга);
II. 70911 балдар бакчасынын бөлүмүнүн, «Буюмдарды жана материалдарды алуу» 2222-беренеси -146,5 миң сом кыскартылсын;
70911 бала бакча бөлүмүнүн «Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу» 2215-беренеси +146,5 миң сомго көбөйтүлсүн (Романовка айылынын сметалык долбоорук документтерине);
III. 70629 Турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн «Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу» 2215 беренесинен -564,0 миң сом кыскартылсын;
70629 Турак жай-коммуналдык чарбанын бөлүмүнүн «Транспорттук чыгымдар» 2214-беренеси +150,0 миң сомго (самосвалды оңдоо үчүн) көбөйтүлсүн;
70629 Турак жай-коммуналдык чарбанын бөлүмүнүн «Буюмдарды жана материалдарды сатып алуу» 2222 беренеси +100,0 миң сомго көбөйтүлсүн (ишембиликке чарбалык буюмдарды алуу);
70811 Спорттук имараттарды пайдалануунун мазмунун башкаруу бөлүмүнүн, «Имараттар жана курулмалар» 3111 беренеси +314,0 миң сом көбөйтүлсүн (Жаңгарач айылындагы спорт комплексинин алдына брусчатка төшөө);
IV. 70629 Турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн, «Имараттар жана курулмалар» 3111- беренеси -150,0 миң сом кыскартылсын;
70721 ФАП бөлүмүнүн «Имараттар жана курулмалар» 3111 беренесине +150,0 миң сомго көбөйтүлсүн (Жаңгарач айылындагы ФАПтын имаратынын алдына көмүр тартууга жана брусчатка төшөөгө);
V. 70823 Клуб бөлүмүнүн «Имараттарды жана жайларды учурдагы оңдоо» 2221-беренеси - 30,0 миң сом азайтылсын;
70823 Клуб бөлүмүнүн “кеңсе оргтехника, эмерек” 3112 беренеси +30,0 миң сомго көбөйтүлсүн (Жаңгарач айылындагы клубка эмерек сатып алууга);
VI. 71092 Социалдык камсыздоонун бөлүмүнүн “Башка товарлар жана кызматтар сатып алуу” 2215 беренеси -36,0 миң сом азайтылсын;
71092 Социалдык камсыздандыруу беренесинин «Мамлекеттик жөлөкпулдар» 2721 беренеси +36,0 миң сомго көбөйтүлсүн (материалдык жардам үчүн);
VII. 70862 Эс алуу жана маданият бөлүмүнүн «Башка товарлар жана кызматтар сатып алуу» 2215 беренеси -50,0 миң сом азайтылсын;
71092 бөлүмүнүн «Мамлекеттик жөлөкпулдар» 2721-берененин +50,0 миң сомго көбөйтүлсүн (материалдык жардам үчүн);
2. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С. Становго жүктөлсүн.
Төрага | А.Т.Ибраимов |