Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-декабры № 56-VIII
2026-жылга Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгынын акчалай өлчөмүн бекитүү жөнүндө
"Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2253-V токтомунун 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. 2026-жылга Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы акчалай сыйлыгы 1000000 (бир миллион) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына көрсөтүлгөн каражаттарды бөлүп берүү жана Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгынын 2026-жылдагы лауреатына аларды которууну камсыз кылуу тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төраганын биринчи орун басары |
| Ч.И. Ажибаев |