Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 27-январы № 9
Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу секторунун 2026-2028-жылдарга консолидацияланган бюджетинин болжолу 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2026-жылга республикалык бюджетинин негизги параметрлери 2-тиркемеге ылайык төмөнкү көлөмдөрдө бекитилсин:
1) жыйынды кирешелер - 551207156,1 миң сом;
2) жыйынды чыгашалар - 550770757,7 миң сом;
3) профицит жана аны пайдалануу багыттары - 436398,4 миң сом.
2. Кыргыз Республикасынын 2027-2028-жылдарга республикалык бюджетинин төмөнкүдөй пландык параметрлери жактырылсын:
1) 2027-жылга жыйынды кирешелер боюнча 593080265,4 миң сом суммасында, жыйынды чыгашалар боюнча 552416622,5 миң сом суммасында жана бюджеттин профицити боюнча 40663642,9 миң сом суммасында;
2) 2028-жылга жыйынды кирешелер боюнча 641061277,3 миң сом суммасында, жыйынды чыгашалар боюнча 589343936,0 миң сом суммасында жана бюджеттин профицити боюнча 51717341,3 миң сом суммасында.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин 2027-2028-жылдарга жактырылган пландык параметрлерин аларды ар бир конкреттүү мезгилге кабыл алууда тактоо жүргүзүүгө укуктуу.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын 2026-2028-жылдарга республикалык бюджетинин киреше бөлүгү 3 жана 4-тиркемелерге ылайык булактардан түшүүлөрдүн эсебинен түзүлсүн.
4-берене.
1. Кыргыз Республикасынын 2026-2028-жылдарга республикалык бюджетинен чыгашаларды каржылоого каражаттар 5, 6 жана 7-тиркемелерге ылайык белгиленсин.
2. Республикалык бюджеттин кирешелеринин бир бөлүгүн республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү аркылуу Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондуна которуу төмөнкүдөй тартипте белгиленсин:
1) 2026-жылы - 50000000,0 миң сом;
2) 2027-жылы - 10000000,0 миң сом;
3) 2028-жылы - 10000000,0 миң сом.
3. Ушул Мыйзамда каралбаган Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүүнүн кошумча булактары Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитетине кийин жазуу жүзүндө кабарлоо менен которулат жана ушул Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбооруна киргизилет.
4. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунун каражаттары Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында аныкталган максаттарга пайдаланылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунун акча каражаттарынын сакталышы, максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышы үчүн каражаттарды алуучулар жоопкерчилик алат.
5-берене.
1. 2026-2028-жылдарга мамлекеттик инвестициялар боюнча чыгашалар 8-тиркемеге ылайык белгиленсин.
2. 2026-жылы капиталдык салымдарды каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр аныкталсын:
1) капиталдык салымдарды каржылоого 27680000,0 миң сом суммасында каралган каражаттардын көлөмү төмөнкүдөй тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Барскоон-Бедел автомобиль жолун курууга 17680000,0 миң сом;
- 10000000,0 миң сом артыкчылыгын эске алуу менен 2026-жылга бекитилген тизмеге ылайык социалдык-экономикалык объекттерди, ичүүчү суу менен жабдуу тутумдарын, ирригациялык курулмаларды, автомобиль жолдорун, улуттук коопсуздук, укук тартиби, куралдуу күчтөрдүн объекттерин жана стратегиялык маанидеги объекттерди долбоорлоону, курууну, капиталдык оңдоону жана реконструкциялоону аяктоого/улантууга жумшалсын;
2) коммерциялык банктардагы депозиттик эсептерге жайгаштырылуучу мамлекеттик казыналык облигацияларды чыгаруудан түшкөн каражаттар.
3. 2027-2028-жылдары капиталдык салымдарды каржылоого каражаттардын пландык көлөмү төмөнкү тартипте бекитилсин:
1) 2027-жылы - 27860000,0 миң сом, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Барскоон-Бедел автомобиль жолун курууга 17860000,0 миң сом;
2) 2028-жылы - 27900000,0 миң сом, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Барскоон-Бедел автомобиль жолун курууга 17900000,0 миң сом.
4. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2026-жылы - 1500000,0 миң сом, 2027-жылы - 1500000,0 миң сом, 2028-жылы - 1500000,0 миң сом суммасында бекитилсин. Республикалык бюджеттен дотация алуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоонун артыкчылыгы белгиленсин.
6-берене.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тиешелүү органдар тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актыларга, ошондой эле түзүмдүк өзгөрүүлөргө, өндүрүштүн (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) көлөмүнүн өзгөрүшүнө, баалардын деңгээлдерине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттери менен республикалык бюджеттин өз ара эсептешүүлөрүнө тактоолорду киргизүүгө укуктуу.
7-берене.
1. Бир кредитордун алдында мамлекеттик тышкы карыздын жалпы суммасынын 45 пайызынан көп эмес карыздын түзүлүшүнө сандык чектөө белгиленсин.
2. Мамлекеттик карыздын чеги ички дүң продуктуга (ИДП) карата 70 пайыздан көп эмес белгиленсин.
8-берене.
1. Мурда облустардын бюджетинде турган мекемелерди Кыргыз Республикасынын 2026-жылга республикалык бюджетинен каржылоо 9-тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн.
2. Мурда облустардын бюджетинде турган мекемелерди Кыргыз Республикасынын 2027-2028-жылдарга республикалык бюджетинен каржылоонун пландык суммасы 10 жана 11-тиркемелерге ылайык жактырылсын.
9-берене.
1. 2026-2028-жылдарга жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн төмөнкүдөй ченемдери белгиленсин:
1) салык агенттери тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы - шаарлардын, айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 100 пайыз өлчөмүндө;
2) сатуудан алынуучу салык - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
3) жер казынасын пайдалануу үчүн салык (роялти) - стратегиялык пайдалуу кендерди (алтын, мунай зат, газ) кошпогондо, кендерди иштетүү жери боюнча шаарлардын, айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 50 пайыз, республикалык бюджетке 50 пайыз өлчөмүндө;
4) жер казынасын пайдалануу үчүн салык (бонус) - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
5) патенттин негизиндеги салык - шаарлардын, айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 100 пайыз өлчөмүндө;
6) салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму боюнча бирдиктүү салык - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
7) майнингге салык - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
8) электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салык - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
9) оюн-зоок ишине салык - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;
10) өзгөчө режимдеги соода аймактарындагы ишке салык - шаарлардын, айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 100 пайыз өлчөмүндө;
11) жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым - кендерди иштетүү жери боюнча шаарлардын, айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 7 пайыз, республикалык бюджетке 93 пайыз өлчөмүндө;
12) жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр - кендерди иштетүү жери боюнча шаарлардын, айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 20 пайыз, республикалык бюджетке 80 пайыз өлчөмүндө.
2. Жалпы мамлекеттик кирешелердин пландан ашык түшүүлөрүнүн суммаларын республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүү кирешенин ар бир түрү боюнча чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдерине ылайык жүргүзүлөт.
3. Жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга тийиш эмес.
10-берене.
2026-2028-жылдарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мурда алынган бюджеттик ссудалардын жана кредиттердин суммаларын жергиликтүү бюджеттерден республикалык бюджетке кайтаруу 12-тиркемеге ылайык камсыз кылынсын.
11-берене.
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 2026-2028-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жүзөгө ашырсын.
2. Кыргыз Республикасынын 2026-жылга республикалык бюджетинен жергиликтүү бюджеттер үчүн теңдөөчү трансферттердин өлчөмдөрү чыгашалардын 1870838,8 миң сом жалпы суммасында 13-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын 2027-2028-жылдарга республикалык бюджетинен теңдөөчү трансферттердин пландык өлчөмдөрү 13-тиркемеге ылайык жактырылсын.
4. Теңдөөчү трансферттердин каражаттары корголгон беренелерди, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде көмүр сатып алууну артыкчылыктуу тартипте каржылоого жумшалат.
5. Республикалык бюджеттен теңдөөчү трансферттердин эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо, анын ичинде көмүр сатып алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилик алат.
6. 2026-жылга республикалык бюджетте Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетине каражаттар максаттуу трансферттер түрүндө Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринин эмгек акы төлөө фонду боюнча чыгашаларды жабууга 5902417,3 миң сом суммасында каралсын.
7. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- жаңы мектепке чейинки билим берүү уюмдарын куруу республикалык бюджеттин эсебинен, ошондой эле финансылык каражаттар болгондо жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жүзөгө ашырылат;
- Баткен облусун кошпогондо, жаңы мектепке чейинки билим берүү уюмдарын күтүүгө, анын ичинде алардын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө фонду боюнча чыгашаларды каржылоо жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жүзөгө ашырылат.
12-берене.
1. Республикалык бюджетте Ош жана Баткен облустарын өнүктүрүү фонддорун каржылоого 300000,0 миң сом суммасында жана райондорду өнүктүрүү фонддорун каржылоого 814400,0 миң сом суммасында каражат каралсын.
2. Региондорду өнүктүрүү фонддоруна жумшалуучу республикалык бюджеттин каражаттарын максаттуу пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жоопкерчилик алат.
13-берене.
1. Райондук маанидеги шаарлардын жана айыл аймактарынын электр энергиясына чыгашаларын каржылоо үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга республикалык бюджетте 1216833,0 миң сом суммасында каражат каралсын.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар райондук маанидеги шаарлардын жана айыл аймактарынын электр энергиясына чыгашаларын каржылоону электр энергиясын керектөөнүн бекитилген лимитине ылайык жүргүзсүн.
3. Республикалык бюджеттен райондук маанидеги шаарлардын жана айыл аймактарынын электр энергиясына чыгашаларын максаттуу каржылоо үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жоопкерчилик алат.
14-берене.
1. Эң аз эмгек акынын өлчөмү 2026-жылга - 3280,0 сом, 2027-жылга - 3608,0 сом, 2028-жылга - 3968,8 сом суммасында, нормалдуу эмгек шарттарында жөнөкөй иштерди аткарууда жумуш убактысынын ченемин толук иштеп бүткөн, квалификациясы жок кызматкердин эмгеги үчүн бир айлык эмгек акынын өлчөмү катары белгиленсин.
2. Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык пенсияларды эсептөө үчүн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүн аныктоону кошпогондо, эң аз эмгек акы, кошумча төлөмдөрдү жана үстөктөрдү, сый акыларды жана башка социалдык төлөмдөрдү эсептөө үчүн пайдаланылбайт.
15-берене.
1. Бюджеттик мекемелер, чарбалык субъекттер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин 6-бөлүгүндө каралган ченемдерди жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан бюджеттик мекемелерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесин кошпогондо, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлгөн мекемелер казыналык тутумдан тышкаркы бардык эсептерди жапсын.
3. Көрсөтүлгөн ченемдер бузулганда бюджеттик мекемелердин жетекчилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
16-берене.
1. Учурдагы жылда кабыл алынган, кошумча финансылык ресурстарды талап кылуучу ченемдик укуктук актыларды ишке ашыруу боюнча чыгашалар Кыргыз Республикасынын кийинки жылга республикалык бюджетинде каралсын.
2. Бюджеттик мекемелерге жыл башында атайын эсептерде топтолгон каражаттардын калдыктарын, ошондой эле атайын эсептерге бекитилген сметадан ашыкча түшкөн каражаттарды ушул Мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин пайдаланууга уруксат берилсин.
3. Региондорду өнүктүрүү фонддоруна жыл башында региондорду өнүктүрүү фонддорунун бюджеттик эсептеринде топтолгон каражаттардын калдыктарын ушул Мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин пайдаланууга уруксат берилсин.
4. Региондорду өнүктүрүү фонддоруна операциялык чыгашаларды жана/же финансылык эмес активдер менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн чыгашаларды бюджеттик кредиттөө аркылуу экономикалык долбоорлорду каржылоого багытталган финансылык активдер менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн чыгашаларга кайра бөлүштүрүүгө уруксат берилсин.
17-берене.
Сот органдарынын чечимдери боюнча жеке жана юридикалык жактардын аткаруу барактары боюнча төлөмдөр тиешелүү мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылсын.
18-берене.
1. 2026-2028-жылдарга программалык чыгашалардын тизмеги 14-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине бюджеттик программалар боюнча натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнө жетишүү жөнүндө жылдык отчетторду 14-тиркемеге ылайык берсин.
19-берене.
1. Өзгөчө мамлекеттик бюджетти кошпогондо, ушул Мыйзамга жылына эки жолудан көп эмес өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган бюджеттик жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдардын жобосун аткаруу камсыз кылынсын. Мында биринчи өзгөртүү учурдагы бюджеттик жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен, экинчиси 1-ноябрынан кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилүүгө тийиш.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө же аскердик абал киргизилген мезгилде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзгөчө же аскердик абалды киргизүүгө байланышкан маселелерди ыкчам чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 15-беренесин жетекчиликке алат.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө же аскердик абалдын токтотулушу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизет.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык мыйзам долбоорунда өзгөчө мамлекеттик бюджет менен белгиленген республикалык бюджеттин параметрлери каралууга тийиш.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бюджеттин ушул параметрлеринин алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмүнүн учурдагы өзгөрүүлөрүнө ылайык бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнүн сметалык дайындоолоруна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
20-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Эскертүү:“Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиркеме кагаз түрүндө КР Юстиция министрлигинде сакталат.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 24-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |