АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТҮҮ I СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 17-февралы № 1/3
Ала-Буга айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына жана Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ мыйзам негизинде, айылдык кеңештин ишин системалуу жүргүзүү максатында депутаттардын Ала-Буга айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ала-Буга айылдык кеңешинин 2026-жылга карата иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Иш планында каралган маселелерди ѳз убагында даярдоо жана сессияга киргизүү туруктуу комиссиялардын тѳрагаларына жана айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгѳ алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Бактыбай уулу Кубанычбек |
“Бекитем”
Ала-Буга айылдык кеңешинин
төрагасы: К.Бактыбай уулу
“___”___________________2026-жыл
№___ сессиясынын №___ токтому
менен бекитилди
Ала-Буга айылдык кеңешинин 2026-жылга түзүлгөн жылдык
ИШ ПЛАНЫ
№ | Каралуучу маселелер | Мөөнөтү | Ким аткарат | Отчет берет |
1-квартал
1. | -2026-жылга иш планды бекитүү боюнча бюджет, финансы-экономикалык маселелер, инвестиция жана гранттарды тартуу боюнча туруктуу комиссиясын жыйыны. -Айылдык кеңештин 2026-жылга иш-планын бекитүүгѳ катышуу жана бюджет комиссиянын иш планын жылдык планга кийирүү. -Айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын ичиндеги социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана бюджетинин аткарылышы жөнүндө башка туруктуу комиссиялар менен жыйын ѳткѳрүү, айыл ѳкмѳттүн жылдык отчетун кароого даярдык. Бюджеттин аткарылышы боюнча маалыматты угуу жана туруктуу комиссиянын чечимин чыгаруу. Отчетту кабыл алуу. -Коомдук жана бюджеттик угууларды ѳткѳрүү боюнча чечимдерди кабыл алуу. |
Январь
Февраль |
Туруктуу комиссиянын тѳрагасы Кенештин катчысы
Туруктуу бюджеттик комиссиянян мүчѳлѳрү.
Кеңештин катчысы
Айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ башчысы |
Г. Самибаева |
2. | - Ала-Буга айыл аймагындагы айылдардын жалпы абалы,социалдык экономикалык ѳнүгүүсү,калкты социалдык жактан коргоо программалары менен таанышуу,2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ѳкмѳттүн мекеме жетекчилердин отчётун угуу. Аймактагы баардык социалдык мекемелер менен жеринен таанышуу. СЭӨПкө социалдык маселелерди сунуштап киргизүү жана жетиштирип каражаттардан бөлүп берүү. Ар бир айылдагы соц адис соц педогогдор жана айылдык ден соолук комиттетери менен тыгыз мамиледе иштешип мектептеги өспүрүмдөр арасындагы жана айыл элиндеги зордук зомбулуктар жана башка маселелер менен чогуу иш алып баруу.2026-жылга карата ар бир айылдарыбыздагы баардык мекемелерибиздин социялдык обьектилеринин муктаждыктардагы сунуш пикирлеринин эске алып сессияда карап өтө орчундууларга акча каражатын бөлдүрүүгө көмөк көрсөтүү. Ай сайын социалдык маселелерге тиешелүү маданий иш чараларга катышуу.
|
Январь
Февраль
Март |
Социалдык туруктуу комиссиянын мүчѳлѳрү
|
А.Тѳрѳкожоева |
3. | -Ала-Буга айыл аймагындагы ФПСтин арендасы бүткөн жерлерине аукцион ѳткѳрүү боюнча кѳзѳмѳл жүргүзүү -Ала-Буга айыл аймагындагы кызмат кѳрсѳтүүлѳрдүн баасын бекитүү, аткарылышына көзөмѳл жүргүзүү. -Ала-Буга айыл аймагындагы малчылардын кѳчүп конуусун,талаачылык айдап себүү иштерине кѳзѳмѳл жүргүзүү. -Мал доктурлар менен жугуштуу ооруларга каршы алдын ала эмдөө жүрүзүлгөндүгүнө көзөмөлдөө. | Январь
Февраль
Март | Агрардык туруктуу комиссиясы
| Ж.Мамытов |
4. | -Мамлекеттик органдар тарабынан мыйзамдын жана ченемдик укуктук актылардын негизинде ѳткѳрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды Ала-Буга айыл ѳкмѳтү тарабынан аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ. -Регламенттин негизинде иш алып баруу. зарыл болгон учурда кезексиз жана онлайн сессияларды уюштуруу. | дайыма |
| К.Итикулов |
5. | Ар кандай маселелер арыз даттануулар | Март | Жооптуу катчы | Тиешелүүлүгүнө жараша |
2-квартал
1. | -Коомдук жана бюджеттик угууларды ѳткѳрүү боюнча чечимдерди кабыл алуу.
-Айыл ѳкмѳттүн социалдык-экономикалык ѳнүгүү программасына ѳзгѳртүүлѳрдү жана кошумчаларды кийирүү. - Бюджеттин киреше болугунун аткарылышын талдоо.
| Жылына 1-2 жолудан кем эмес Март-апрель Квартал сайын
|
Туруктуу комиссиянын мүчѳлѳрү Кенештин катчысы Айыл ѳкмѳттүн башчысы. ФЭБ башчысы
| Г. Самибаева |
2. | - Ала-Буга айыл аймагындагы 2025-жылдагы жергиликтүү бюджеттен каржыланган социалдык обьектилердин иштери менен таанышуу. АӨ соц адиси менен биргеликте жыл башында пландалган иш чараларды ишке ашыруу жана аймактагы ар бир айылда коомчулук менен жолугушууларды өткөрүү жана жалпы айылдарыбыздын жазга каратта көчөлөрүүбүздөрдүн айлана тегеректерибизди тазалалап арыктарыбызды казып бак дарактарын отургузуп ирээтешкенге көмөк көрсөтүү жагы А.Ө айыл башчылар айыл ичиндеги жолдорду оңдоо, көчө жарыктарындуусун жакшыртуу, таза суу, таштандыларды чыгаруу системасын жөнгө салуу жагын баардык айылдардагы айыл башчылары менен биргеликте иш алып баруу жагы айыл башчыларга милдеттендирилсин . Баардык айылыбыздагы көчө кварталдар жана айылдык ден соолук комиттетери менен чогуу иштешүү. Билим берүү жана мектеп жашына чейинки билим берүү, мекемелери менен жыл жыйынтыктоо иш чараларын өткөрүп жетишкен жана көйгөйлөрдү анализдеп тиешелүү жактарга сунуштоо. Ай сайын социалдык маселелерге тиешелүү маданий иш чараларга катышуу. |
Апрель
Май
Июнь |
Социалдык туруктуу комиссиянын мүчѳлѳрү
|
А.Тѳрѳкожоева |
3. | -Ала-Буга айыл аймагындагы жайыттардын чек араларын аныктоо жана жайыт жолдорун оңдоого кѳзѳмѳл жүргүзүү, ишембилик иштерине катышуу. -Ала-Буга айыл аймагындагы чѳп чабык, оруп жыйноо, сугат иштерин жана Арпа жайлоосуна кѳчүп конуу иштерине кѳзѳмѳл жүргүзүү. -Ала-Буга айыл аймагындагы мал камактарды уюштуруу,эгин чабык оруп жыйноолорго кѳзѳмѳл жүргүзүү. | апрель май июнь | Агрардык туруктуу комиссиясы | Ж.Мамытов |
4. | -Депутаттардын мандатын жана этикасын кароо.. -Жарандардан келип тушкен арыздардын мыйзамдуулугун карап берүү. | дайыма | Мыйзамдуулук укук тартибин сактоо этика жана мандат комиссиясы | К.Итикулов |
5. | Ар кандай маселелер арыз даттануулар. | май | Жооптуу катчы | Төрага |
3-квартал
1. | --Экономикалык өнүгүү жана инвестиция тартуу маселелерин кароо. -Бюджетке ѳзгѳртүү киргизүү боюнча сунуштарды кароо. -Айыл аймактагы жайгашкан муниципалдык ишканаларын маселелери менен таанышуу. -Бюджеттик угуулардын жыйынтыктары менен таанышуу жана депутаттарга маалыматты жеткирүү.
|
Июль Август Октябрь
| Туруктуу комиссиянын тѳрагасы Кенештин катчысы Туруктуу бюджеттик комиссиянын мүчѳлѳрү. |
Г. Самибаева |
2. | - Ала-Буга айыл аймагындагы социалдык мекемелердин иштери боюнча жүргүзүлгѳн депутаттардын иш сапарынын корутундусун чыгаруу жана сессияга сунуштоо. Социалдык маселелерди чечүү максатында ишке ашып жаткан долбоорлор менен жеринен таанышуу жана көзөмол жүргүзүү. Мектеп бала бакчалардын жаны окуу жылдарына даярдыктарын көзөмөлдөө. Мектептеги мүмкүнчүлүгү чектелген инклюзивдик билим берүүдөгү балдардын жана мугалимдердин жетишпеген окуу куралдарын көзөмөлдөп аларга камкордук көрүлүп туруу. Баардык айыл аймактагы малчыларыбыздын жайлоодон өз убагында көчүп келүүсүнө жана элдердин эгин талаасынын мүчүлүшкө учуратпоого тыкыр мамиле жазап көзөмөлдөп туруусуна жалпы айыл башчыларга милдеттендирилсин. Баардык айылдардын чоң маселеси кыштата үйгө чогулткан таштандыларды мусорный полигонго төктүргөнгө элге кененирээк маалымат берип туруу жана көзөмөлдөө . Алты айдын жыйынтыгы менен социалдык маселелерге бөлүнгөн каражаттардын жумшалышы боюнча таанышуу маалымат алуу. Ай сайын социалдык маселелерге тиешелүү маданий иш чараларга катышуу.
|
Июль
Август
Сентябрь |
Социалдык туруктуу комиссиянын мүчѳлѳрү.
|
А.Тѳрѳкожоева
|
3. | Ала-Буга айыл аймагындагы чабандардын кѳчүп келүүсүн бирдей убакытта кѳчүүсүн кѳзѳмѳлгѳ алуу. Ала-Буга айыл аймагындагы алдыңкы дыйкан ишкерлерди сыйлоо жана түшүм майрамын ѳткѳрүү. | Июль Августь Сентябрь | Агрардык туруктуу комиссиясы. | Ж.Мамытов |
4. | -Ɵз округдарынын шайлоочуларына отчеттторду берүү, шайлоочулардын суроо талаптарынын аткарылышын жѳнүндѳ. -Жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо | Сентябрь Октябрь | Мыйзамдуулук укук тартибин сактоо этика жана мандат комиссиясы. | К.Итикулов |
5. | Ар кандай маселелер арыз даттануулар | Сентябрь
| Жооптуу катчы. | Төрага |
4-квартал
1. | -9 айдын жыйынтыгын чыгаруу ар кандай маселелр боюнча туруктуу комиссиянын жыйынын ѳткѳрүү, бюджетти кайра бѳлүштүрүү, комиссияга түшкѳн арыздар менен иш алып баруу. - Туруктуу комиссиянын мүчѳлѳрү үчүн окутууларды уюштуруу. - Социалдык объектилерди каржылоо маселелерин кароо. -Чыгаша бөлүгүнүн аткарылышына мониторинг жүргүзүү жыл бою. -Айыл өкмөттун 2027-жылдын бюджетинин долбоорун жана 2027-2029-жылдын прогнозу менен таанышуу жана туруктуу комиссиянын корутундусун чыгаруу. -Жыл жыйынтыгы боюнча бюджет аткарылышын кароо.
|
Жыл ичинде
Ноябрь
Декабрь |
Туруктуу комиссиянын тѳрагасы Кенештин катчысы Туруктуу бюджеттик комиссиянян мүчѳлѳрү.
| Г. Самибаева |
2. | Социалдык жактан жардамга муктаж үй бүлѳѳлѳрдүн жашоо шарттары менен таанышуу, муктаждыгын аныктоо. Баардык аймактагы айылдагы кыш мезгилиндеги ар кандай маселелерди кѳзѳмѳлдѳѳ, ит аттуу көчөөлөрдөгү малдарды көчөөлөргө койбостон короолоруна киргизип кармоо, калонкадан сугаруудагы маселе жаратат себеби калонкадан адамдар суу алып ичишет, жана жаз келээри менен малчыларыбызды өз убагында орто жайлоого кетирүү, ал эми айылга мал алып калып ээн көчөөлөргө чыгарбоо , уйларды бадага кошуу, дагы ээн алып калып поляларга аркандабоо,ушул сыяктуу маселелерди ар бир айылдагы айыл башчылар, айыл аксакалдар, жаштар уюму, аялдар совети, көчө кварталдар , чогу тиешелүү мекеме жетекчилиги менен иш алып баруу. Жалпы айылдагы элдерибизди патириоттуулука үндөө. Ошондой эле орчундуу маселе өлбөгөн жанга жаз келет дегендей Кытайлар келип иш башташат күн жылып жаз келээри менен эле баягы көрүнүш чаң топурак башталат суу чачуу жагы анан тазалык тартип жактары элдин коопсуздуктарын эске алуу жагы А.Ө башчы жана айыл башчыларга айтып кѳзѳмѳл жүргүзүү. Айыл бюашчыларына эскертип туруу 9-айдын жыйынтыгы менен бөлүнгөн каражаттардын жумшалышын көзөмөлдөө. Ай сайын социалдык маселелерге тиешелүү маданий иш чараларга катышуу. Ар бир айылда коомчулук менен жолугушууларды ѳткѳрүү.
|
Октябрь
Ноябрь
Декабрь | Социалдык туруктуу комиссия. | А.Тѳрѳкожоева |
3. | Ала-Буга айыл аймагындагы ит карышкыр атууларды уюштуруу жана маданий иш чараларды, улуттук оюндар менен (улак тартыш,ат чабуу) уюштуруу. | Октябрь Ноябрь Декабрь |
| Ж.Мамытов |
4. | -Социалдык-экономикалык ѳнугүү программасынын планын ишке ашыруу максатында кѳзѳмѳлгѳ алуу. -Тренинг,окуу,семинар,ыйгарым укуктар боюнча опыт алмашуу.Тренерлерди жалдап келип окутуу. -Аткарылган иштер боюнча отчет берүү. | декабрь | Мыйзамдуулук укук тартибин сактоо этика жана мандат комиссиясы. | К.Итикулов |
5. | Ала-Буга аймагындагы жылдын мыктыларын аныктоо иш чарасын ѳткѳрүү. | Ноябрь Декабрь | Айылдык кеңеш | Айылдык кеңеш |
6. | Кеңешке келип түшкөн арыз даттанууларды кароо. | Ноябрь Декабрь | Жооптуу катчы | Төрага |
Жооптуу катчы: Р.Абдыразаков