Редакцияот 17.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VIII ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТҮҮ I СЕССИЯСЫ

 

2026-жылдын 17-февралы   № 1/4

 

Ала-Буга айыл аймагынын “Ардактуу атуул”  наамын

ыйгаруу жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзам жана айылдык кеңештин Регламентинин негизинде, ошондой эле Ала-Буга айыл аймагына кошкон зор салымы, коомдук иштердеги активдүүлүгүүчүн  Ала-Буга айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ала-Буга айыл аймагынын “Ардактуу атуул”наамын берүү боюнча комитеттердин сунушуна ылайык,тѳмѳндѳгү жараандарга Ала-Буга айыл аймагынын “Ардактуу атуул”наамына ыйгарылсын.

       -Тѳлѳпалды уулу Камчыбек

       -Сыдыков Мурадил Жанышбекович

       -Мирлан Самыйкожо

 

2.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын Ала-Буга айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Сулаймановго милдеттендирилсин.

     3.Токтомдун  аткарылышын көзөмөлгѳ алуу жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

Бактыбай уулу Кубанычбек