ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-мартындагы № 143 «Жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу үчүн Республикалык чакыруу комиссиясынын ишинин тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому

Редакция03.03.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 3-марты № 143

 

 

Жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик

кызматка чакыруу үчүн Республикалык чакыруу комиссиясынын ишинин тартиби жөнүндө жобону

бекитүү тууралуу

 

«Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу үчүн Республикалык чакыруу комиссиясынын ишинин тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 6-мартындагы № 17 (3777) саны менен жарыяланды

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев