Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 29 июну № 24
Жыламыш жана Суусамыр жайлоосуна бодо малды, майда бодо малды жана жылкыларды айдап өтүүнүн графигине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Гавриловка айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин төрагасы Анарбек уулу Эдилдин Жыламыш жана Суусамыр жайлоосуна бодо малды, майда бодо малды жана жылкыларды айдап өтүүнүн графигине өзгөртүү киргизүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жыламыш жана Суусамыр жайлоосуна бодо малды, майда бодо малды жана жылкыларды айдап өтүүнүн графигине өзгөртүү айылдар боюнча бекитилсин.
· Гавриловка айылында 20-апрелден (1-майга чейин) 1-октябрга чейин (жыл сайын) бир короодон саан уйдан тышкары малдарды (майда бодо мал, бодо малдар жылкылар) айдап чыгаруу;
· Романовка айылында 20-апрелден (1-майга чейин) 1-октябрга чейин (жыл сайын) бир короодон саан уйдан тышкары малдарды (майда бодо мал, бодо малдар жылкылар) айдап чыгаруу;
· Шалта айылында 10-майдан 1-октябрга чейин (жыл сайын) бир короодон майда бодо мал – 20 баштан ашса, бодо малдар баары (саан уйдан башкасы), жылкылар (аттар) – 2 баштан ашса;
· Гавриловка айылында 10-июндан 1-октябрга чейин (жыл сайын) бир короодон майда бодо мал – 50 баштан ашса, бодо малдар баары (саан уйдан башкасы), жылкылар (аттар) – 2 баштан ашса;
2. Ушул токтомдун Гавриловка айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин төрагасы Анарбек уулу Эдилге жүктөлсүн.
Төрага | А.Т.Ибраимов |