Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 29 июну № 23
Материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Гавриловка айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адис Б.А.Токтонованын Гавриловка айылындагы Фрунзе көчөсүндөгү №131 үйдө жашаган 1965-жылы туулган Маматсакова Майрамкан Таштемировнанын небереси 2016-жылы туулган Акылбеков Байаман Акылбековичтин курч лимфобластикалык лейкозду (кан рагын) чет өлкөсүндө дарыланууга муктаж болгондугуна байланыштуу материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Маматсакова Майрамкан Таштемировнага материалдык жардам көрсөтүү үчүн Гавриловка айыл өкмөтүнүн бюджетинен 20,0 миң сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнсүн.
2. Финансы экономикалык бөүмүнүн башчысы Ж.Б.Карымшакова материалдык жардам көрсөтүү үчүн акча каражаттарды издесин.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Становго жүктөлсүн.
Төрага | А.Т.Ибраимов |