Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 29 июну № 22
Жер участоктун максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө
Гавриловка айыл өкмөтүнүн жер маселери боюнча М.М. Кашаповдун Тоголоков Азиз Аскаровичке таандык Романовка айылындагы Озерное көчөсүндөгү №10а дарегинде жайгашкан аянты 1790,1 кв.м. турак-жай курулушундагы жер участогунун максаттуу багытын соода жана оюн-зоок борборунун жер участогуна өзгөртүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 26-нобярындагы №29 “Жер участоктун максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
2. Тоголоков Азиз Аскаровичке таандык Романовка айылындагы Озерное көчөсүндөгү №10 а дарегинде жайгашкан аянты 1790,1 кв.м. турак-жай курулушундагы жер участогунун максаттуу багытын соода жана оюн-зоок борборунун жер участогуна өзгөртүүгө уруксат берилсин.
3. Тоголоков Азиз Аскарович документтерин Сокулук райондук шаар курулушу, архитектура башкармалыгында жана КАДАСТР мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалында кайрадан каттоого милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Становго жүктөлсүн.
Төрага | А.Т.Ибраимов |