Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 7-марты № 159
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 66 «Кыргыз Республикасынан мунайды жана мунай продуктуларын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 66 «Кыргыз Республикасынан мунайды жана мунай продуктуларын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 1-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– «Чайна Петроль Компани «Джунда» жоопкерчилиги чектелген коомунун жана «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун мунайды кайра иштетүүчү заводдору үчүн АИ-92 (К-2) маркасындагы бензинден, АИ-80 маркасындагы бензинден, дизель отунунан (К-2), нафтадан, ошондой эле мунайды кайра иштетүүчү ата мекендик заводдор тарабынан өндүрүлүүчү мазуттан жана жылытуучу отундан (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2710 коду менен классификациялануучу) тышкары, автомобиль жана темир жол транспорту менен мунайды (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2709 коду менен классификациялануучу) жана мунай продуктуларын (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2710 коду менен классификациялануучу);».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-мартындагы № 18 (3778) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |