Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 29 июну № 20
Жер участоктун максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө
Гавриловка айыл өкмөтүнүн жер маселери боюнча М.М. Кашаповдун Романовка айылындагы Юбилейная көчөсүндөгү №10 дарегинде жайгашкан 2017-жылдын 14-июлундагы Сокулук райондук сотунун чечиминин жана 2017-жылдын 15-ноябрындагы Гавриловка айыл өкмөтүнүн №20 чечиминин негизинде муниципалдык менчик болуп саналган аянты 1853,0 кв.м. түзгөн жер участогун максаттуу багытын калктуу пункттардын жерлеринин категориясынан балдар бакчасын куруу үчүн өзгөртүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Романовка айылындагы Юбилейная көчөсүндөгү №10 дарегинде жайгашкан 2017-жылдын 14-июлундагы Сокулук райондук сотунун чечиминин жана 2017-жылдын 15-ноябрындагы Гавриловка айыл өкмөтүнүн №20 чечиминин негизинде муниципалдык менчик болуп саналган аянты 1853,0 кв.м. түзгөн жер участогун максаттуу багытын калктуу пункттардын жерлеринин категориясынан балдар бакчасын куруу үчүн өзгөртүүгө уруксат берилсин.
2. Гавриловка айыл өкмөтүнүн жер маселери боюнча М.М. Кашапов документтерди Сокулук райондук шаар курулушу, архитектура башкармалыгында жана КАДАСТР мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалында кайрадан каттоого милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Становго жүктөлсүн.
Төрага | А.Т.Ибраимов |