Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 2-марты № 95
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-июнундагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фондун түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фондунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, ички жана эл аралык капитал рынокторуна инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-июнундагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фондун түзүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттун 3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Фонддун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр аныкталсын:
1) Фонддун тобуна кирүүчү компаниялардын финансылык-чарбалык ишинин эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуу;
2) Фонддун тобуна кирүүчү компаниялардын наркынын туруктуу өсүшүн жогорулатуу жана камсыз кылуу, ошондой эле Фонддун тобуна кирүүчү компанияларды эл аралык жана жергиликтүү капитал рыногуна чыгаруу жолу менен инвестицияларды тартуу;
3) Фонддун тобуна кирүүчү компанияларга корпоративдик башкаруунун эң мыкты практикасын киргизүү;
4) мамлекеттик программаларды жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу экономиканын айрым тармактарын өнүктүрүү.";
- 3-пунктта:
1-пунктчада "Фонддун башкаруу органдарына жана Фонддун портфелдик компанияларына" деген сөздөр "Фонддун тобуна кирүүчү компаниялардын башкаруу органдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-пунктчада "Фонддун жана Фонддун портфелдик компанияларынын" деген сөздөр "Фонддун тобуна кирүүчү компаниялардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-пунктчада "Фондго жана Фонддун портфелдик компанияларына" деген сөздөр "Фонддун тобуна кирүүчү компанияларга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4-пунктчада "Фонддун жана Фонддун портфелдик компанияларынын" деген сөздөр "Фонддун тобуна кирүүчү компаниялардын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |