Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 29 июну № 19
2023-2025-жылдарга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорун бекитүү жөнүндө
Гавриловка айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында ФЭБ бөлүмүнүн башчысы Ж.Б.Карымшакованын 2023-жылга карата бюджеттин долбоорун жана 2024-2025-жылдарга бюджеттин болжолун кароо жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн жана 2024-2025-жылдарга болжолунун долбоору төмөнкүдөй суммада бекитилсин
2023 жылга 18201,0 миң сом суммада, атайын эсеп 3320,0 миң сом
2024 жылга 18404,8 миң сом суммада, атайын эсеп 3320,0 миң сом
2025 жылга 20250,8 миң сом суммада, атайын эсеп 3320,0 миң сом
2. 2023-жылга жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн жана 2024-2025-жылдарга болжолунун долбоору төмөнкүдөй суммада бекитилсин
2023 жылга 18201,0 миң сом суммада, атайын эсеп 3320,0 миң сом
2024 жылга 18404,8 миң сом суммада, атайын эсеп 3320,0 миң сом
2025 жылга 20250,8 миң сом суммада, атайын эсеп 3320,0 миң сом
3. Бул 2023-жылга бюджеттин долбоору жана 2024-2025-жылдарга болжолу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Становго жүктөлсүн.
Төрага | А.Т.Ибраимов |