Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 13 апрелу № 17
Катуу тиричилик таштандыларды ташып чыгаруунун тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, санитардык абалды жакшыртуу, катуу тиричилик калдыктарын өз убагында чыгарууну жана аларды жок кылууну камсыз кылуу максатында, ошондой эле күйүүчү-майлоочу материалдарга, отун-энергетикага жана башка ресурстарга баалардын жогорулашына байланыштуу, андан тышкары Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты А.М.Молдоканованын катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу боюнча кызматтарды көрсөтүү үчүн Гавриловка айылдык аймагында жайгашкан калк жана чарба жүргүзүүчү субъекттер менен келишим түзүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2022-жылдын 1-апрелинен баштап катуу таштандыларды ташып чыгарууга жана көмүүгө төмөнкүдөй тарифтер бекитилсин:
· калк үчүн короодон - айына 100 сом өлчөмүндө;
· менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн 1,0 куб метр үчүн 500 сом өлчөмүндө;
2. Катуу тиричилик калдыктарын жана башка буюмдарды белгиленбеген жерлерге таштаганы үчүн 5000 сом өлчөмүндө айып салынсын.
3. Гавриловка айыл өкмөтүнүн Көрктөндүрүү комбинаты Гавриловка айылдык аймагынын жайгашкан калк жана чарба жүргүзүүчү субъекттер менен катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүгө келишим түзүлсүн.
4. Катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу боюнча көрсөтүлгөн кызматтар үчүн айыл аймагынын калкынан жана чарба жүргүзүүчү субъекттеринен акча каражаттарын чогултуунун толуктугун Гавриловка айыл өкмөтүнүн Көрктөндүрүү комбинаты камсыз кылсын.
5. Гавриловка айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т.И.Тюлемишова турак жай-коммуналдык чарбага (таштандыга жана ичүүчү сууга) карызы бар айылдык аймагынын тургундарына жана чарба жүргүзүүчү субъекттерине маалымкат бербесин;
6. Гавриловка айыл өкмөтүнүн Көрктөндүрүү комбинаты аймактардан катуу таштандыларды сапаттуу жана өз убагында ташып чыгууну камсыз кылсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Становго жүктөлсүн.
Төрага | А.Т.Ибраимов |