Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 13 апрелу № 16
Материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Гавриловка айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адис Б.А.Токтонованын Шалта айылындагы Осмон көчөсүндөгү №22 үйдүн жашоочусу 1969 жылы туулган 2 группадагы мүмкүнчүлүгү чектелген адам Тойбаева Тамара Аскарбековнага рак оорусун дарылоо үчүн материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шалта айылындагы Осмон көчөсүндөгү №22 үйдүн жашоочусу 1969 жылы туулган 2 группадагы мүмкүнчүлүгү чектелген адам Тойбаева Тамара Аскарбековнага рак оорусун дарылоо үчүн материалдык жардам көрсөтүү үчүн Гавриловка айыл өкмөтүнүн бюджетинен 50,0 миң сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнсүн.
2. Гавриловка айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөүмүнүн башчысы Ж.Б.Карымшакова материалдык жардам көрсөтүү үчүн акча каражаттарды издесин.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Становго жүктөлсүн.
Төрага | А.Т.Ибраимов |