Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 13 апрелу № 15
Материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Гавриловка айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адис Б.А.Токтонованын Шалта айылындагы Шабданалы көчөсүндөгү №27 үйдүн жашоочусу 1981 жылы туулган 1 группадагы мүмкүнчүлүгү чектелген адам Джумачалов Шамильбек Токтоналыевич турак жай имаратынын курулушун аяктоо үчүн материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шалта айылындагы Шабданалы көчөсүндөгү №27 үйдүн жашоочусу 1981 жылы туулган 1 группадагы мүмкүнчүлүгү чектелген адам Джумачалов Шамильбек Токтоналыевичке турак жай имаратынын курулушун аяктоо үчүн материалдык жардам көрсөтүү үчүн Гавриловка айыл өкмөтүнүн бюджетинен 50 000 сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнсүн.
2. Гавриловка айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөүмүнүн башчысы Ж.Б.Карымшакова материалдык жардам көрсөтүү үчүн акча каражаттарды издесин.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Становго жүктөлсүн.
Төрага | А.Т.Ибраимов |