Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ, АРХИТЕКТУРА ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 24-февралы № 112-чуа
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 71-чуа КР КЧ 31-03:2024 «Көп батирлүү турак жай имараттары» Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Көп батирлүү турак үйлөрдү долбоорлоого карата талаптарды системалаштыруу жана бирдиктүү ыкмаларды белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай – коммуналдык чарба министрлиги жөнүндө жобону жетекчиликке алуу менен, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 5-июнундагы №71-чуа Кыргыз Республикасынын КР КЧ 30-01:2020 “Көп батирлүү турак жай имараттары” Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө" буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) “Бул курулуш ченемдериндеги терминдер жана аныктамалар” деген 3-бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 3.42-пункт менен толукталсын:
“3.42 КТК аянтчалары: катуу тиричилик калдыктарын (КТК) убактылуу сактоо, сорттоо жана кайра иштетүү үчүн атайын бөлүнгөн жерлер (участоктор)”;
2) “Жалпы жоболор” деген 4-бөлүмүнүн 4.7-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4.7 Турак жай имараттарында жергиликтүү шарттарды эске алуу менен колдонуудагы ченемдерге ылайык инженердик-техникалык жактан камсыз кылуу каралууга тийиш. Тик учак аянтчасын уюштуруу долбоорлоого карата тапшырма боюнча каралат.”;
3) “Инженердик-техникалык камсыздоонун ички системалары” деген 6-бөлүмдүн 6.6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“6.6 Турак жай имараттарында КЧжЭ 2.04.01-85* талаптарына ылайык борборлоштурулган чарбалык-ичүүчү, ысык суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу (канализация) каралууга тийиш.
Саркынды сууларды чыгаруунун (канализациянын) борборлоштурулган системасы жок райондордо санитардык жана экологиялык ченемдик талаптарга ылайык агынды сууларды кабыл алууну, тазалоону жана бурууну камсыз кылуучу жеке же локалдуу тазалоочу курулмаларды куруу каралууга тийиш. Колдонулган системалар белгиленген стандарттарга жооп берген агынды сууларды тазалоо даражасын камсыз кылууга жана топурактын жана жер астындагы суулардын булганышын болтурбоого тийиш.”;
4) “Инженердик-техникалык камсыздоонун ички системалары” 6-бөлүмүнүн 6.11-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Катуу отун менен жылытуучу от казандарды эки кабатка чейинки турак жай үйлөрүндө орнотууга КР КЧ 21-01:2018 талаптарына жооп берген өзүнчө бөлмөгө жайгаштыруу жана отунду сактоо үчүн жайларды турак жай имаратынан сырткары жайгаштыруучу шартта, караштырууга жол берилет.”;
5) “Көп кабаттуу үйгө жанаша жашылдандыруу үчүн талаптар” деген 12-бөлүмүнүн 12.2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
“- КТК аянтчалары,”;
6) “Көп кабаттуу үйгө жанаша жашылдандыруу үчүн талаптар” деген 12-бөлүмүнүн 12.4-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«12.4 Мектепке чейинки жана кенже мектеп жашындагы балдардын оюндарына арналган балдар аянтчалары турак жай жана коомдук имараттардын терезелеринен 12метрден кем эмес аралыкта, ал эми кенже жана жогорку окуучулар үчүн арналган аянтчалар – 20 метрден кем эмес аралыкта жайгаштырылууга тийиш.».;
7) “Көп кабаттуу үйгө жанаша жашылдандыруу үчүн талаптар” деген 12-бөлүмүнүн 12.5-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«12.5 Балдар аянтчаларынын аянты КР КЧ 30-01:2020 ылайык аныкталууга тийиш»;
8) “Көп кабаттуу үйгө жанаша жашылдандыруу үчүн талаптар” деген 12-бөлүмүнүн 12.8-пунктундагы “10” деген сандар “20” деген сандарга алмаштырылсын;
9) “Көп кабаттуу үйгө жанаша жашылдандыруу үчүн талаптар” деген 12-бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 12.16-пункт менен толукталсын:
“12.16 Көп батирлүү үйлөрдү долбоорлоодо сорттоочу контейнерлери менен катуу тиричилик калдыктарын жер астында чогултуу системалары каралууга тийиш”;
10) “Жайлардын аянтын, курулуш аянтын, имараттын кабаттуулугун жана курулуш көлөмүн аныктоонун эрежелери” аттуу А тиркемесинин А.5-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
“А.5. Батирдин жалпы жашоо аянты ашкананы, санитардык түйүндөрдү, көмөкчү жайларды, коридорлорду, балкондорду, лоджияларды ж. б. кошпогондо, бардык турак жайлардын (бөлмөлөрдүн) аянттарынын суммасы катары аныкталат.”.
2. Архитектура, контролдоо жана техникалык ченемдөө башкармалыгы:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык ушул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, жарыялоо булагын көрсөтүү менен кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
3) бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары Б.Б. Турдугуловго жүктөлсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр |
| Н.К. Орунтаев |