Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 13 апрелу № 14
Гавриловка айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54-Жарлыгына ылайык, жана Гавриловка айыл аймагында, айылдарда жана башка калктуу конуштарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүү, аларды өткөрүүдө убаракерчиликке, өлүк ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого, ашыкча ысырапкорчулукка, элдин салт-санаасын, үрп-адатын тоготпоого жол бербөө, ата салтына жат терс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу максатында, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловка айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” 2022-жылдын 24- февралындагы ПЖ №54 - Жарлыгын калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Становго жүктөлсүн.
Төрага | А.Т.Ибраимов |
|
| Гавриловка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 13-апрелиндеги №14 токтомго 1-тиркеме |
Гавриловка айылдык аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобо
1. Жалпы жоболор
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
4. Өлгөндү эске алуу ырым-жарымдарын өткөрүүнүн тартиби
5. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары
5.1. Жергиликтүү комиссия
5.2. Райондук комиссия
6. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54-Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып иштелип чыгылган, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алыган эрежелерди камтыйт.
1.2. Жобонун максаты Гавриловка айылдык аймагында, айылдарда жана башка калктуу конуштарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүү, аларды өткөрүүдө убаракерчиликке, өлүк ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого, ашыкча ысырапкорчулукка, элдин салт-санаасын, үрп-адатын тоготпоого жол бербөө, ата салтына жат терс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, элибиздин нукура салт-санаасын жана ырым-жырымдарын кеңири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
2.1. Гавриловка айылдык аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону (мындан ары жобо) иштеп чыгуу үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен курамы айыл өкмөтүнүн, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, ардагерлердин, аялдар жана жаштар уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу тобу түзүлөт.
2.2. Титүү жобонун негизинде жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоору айылдык жыйындарда талкууланат, жалпыга тааныштыруу үчүн такталарга илинет. Келип түшкөн иштиктүү сунуштар эске алынып жобонун долбооруна киргизилет. Иштелип чыккан жобо жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилет.
2.3. Жобону бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтому белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин сайтына жарыяланат.
2.4. Жобо ага кызыккан жарандарга айыл өкмөтү, жергиликтүү кеңеш тарабынан токтоосуз тааныштырылат.
3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
3.1. Үй-бүлөлүк салтанаттарга бешик тою, тушоо кесүү тою, балдарды сүннөткө отургузуу, нике (үйлөнүү) тою, куда тосуу, маараке салтанаттары ж.б. кирет.
3.2. Үй-бүлөлүк салтанаттар Гавриловка айылдык аймагында, айылдарда жана башка калктуу конуштарда төмөнкү эрежелерди, чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.
4. Өлгөндү эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
4.1. Өлгөндү эскерүү ырым-жырымдарын (акыркы сапарга узатуу, үчүлүк, жетилик, кыркылык) өткөрүүдө мал союуга болбойт (тыюу салынат). 4.2. Өлгөндү эскерүү ырым-жырымдары мал союуну эсепке албаганда Гавриловка айылдык аймагында калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана төмөнкү тартип боюнча өткөрүлөт:
-маркум чыккан жерде мал союп казан асып, тамак-аш берүүгө тыюу салынат.
5. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары
Жобого ылайык үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссияга айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, имамдар, милициянын участкалык ыйгарым укуктуулары.
Бардык комиссиялар өздөрүнүн ишин документтештирет.
5.1. Жергиликтүү комиссия
5.1.1. Жергиликтүү комиссия Гавриловка айылдык аймагында түзүлөт. Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүнүн башчысынын тескемеси менен бекитилет.
5.1.2. Жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү өлгөндү эскерүү ырым-жырымы өткөрүлүп жаткан жерге чогуусу менен барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, өлүк ээсин жобонун талаптары менен тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат, жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт, жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө журналга каттоо жүргүзөт (же акт түзөт), ал тууралуу комиссияда маселе карайт, талапты бузган адамдарга карата чара (анын ичинде коомдук уяткаруу чарасын) көрөт.
5.2. Райондук комиссия.
5.2.1. Райондук комиссия жергиликтүү мамлекеттик администрациясында түзүлөт. Жарандардан жергиликтүү комиссиянын чечимдерине даттануулар болгон учурда райондук комиссия карайт. Ошондой эле чечим кабыл алууну татаалданткан жагдайлар келип чыккан учурда чара көрүү үчүн райондук комиссияга сунуш киргизет.
6. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
Гавриловка айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүү боюнча жобонун талабын бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинде, жергиликтүү жамааттын уставында жана айыл өкмөтүнүн ички мыйзамдарында жана эрежелеринде каралган (элдик курултай, айылдык жыйындар, жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган) айып жазаларынын өлчөмдөрү, салынган айыптарды төлөө мөөнөтү жана тартиби каралат.