Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2021-жылдын 28-январы № 11
Айыл чарба жерлеринде эгиндерге (түшүмдөргө) келтирген зыяндарды аныктоо боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө жана зыян келтирген адамдарга айыптарды бекитүү
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябры № 128 укук бузуулар жөнүндө кодексинин 238 беренесине ылайык, жана Гавриловка айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин бухгалтер-кассири Аскарбек кызы Нуркыздын “Айыл чарба жерлеринде эгиндерге ( түшүмдөргө) келтирген зыяндарды аныктоо боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө жана зыян келтирген адамдарга айыптарды бекитүү жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба жерлеринде эгиндерге (түшүмдөргө) зыян келтирген адамдарга айыптар бекитилсин:
Мүйүздүү Бодо малдын 1 башына - 2000 сом;
Мүйүздүү майда малдын 1 башына - 500 сом;
Жылкынын 1 башына - 3000 сом
2. Айыл чарба жерлеринде эгиндерге (түшүмдөргө) келтирген зыяндарды аныктоо боюнча комиссиянын курамы бекитилсин:
1. Касымбеков Тынштыкбек Джумаканович- Гавриловка айылдык кеңеши депутаты – комиссиянын төрагасы;
2. Анарбек у. Эдил - Гавриловка айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин төрагасы;
3. Адылбаев Дыйканчы Маткеримович - Гавриловка айылдык кеңеши депутаты;
4. Борбодоев Таасир Тынарбекович - Гавриловка айылдык кеңеши депутаты;
5. Алымбаев Акылбек Эньирович - Гавриловка айылдык кеңеши депутаты;
6. Жайлобаев Ренат Искендербекович - Шалта айылынын айыл башчысы;
7. Минбаева Гулжан Бекишовна - Романовка айылынын айыл башчысы;
8. Курманбаев Рашид Сусамырбекович - Жангарач айылынын айыл башчысы;
9. Кашапов Мусабек Мустафаевич – жер маселеси боюнча адис;
10. Алиев Кубатбек Самарбекович – Сот аксакалдардын төрагасы;
11. Калилова Зымырат – Сот аксакалдардын мүчөсү;
12. Нурманбетов Абдыкадыр – Сот аксакалдардын мүчөсү;
13. Осконбаев Эрадил – Сот аксакалдардын мүчөсү;
14. Борколдоев Усен Шеримкулович– Сот аксакалдардын мүчөсү;
15. Кулматов Канай – Сот аксакалдардын мүчөсү;
3. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Становго жүктөлсүн.
Төрага | А.Т.Ибраимов |