ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
XXVIII чакырылыштын 7 (кезектүү) сессиясы
2022-жылдын 28-январы № 10
Жер участоктун максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө
Гавриловка айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адаис юрист А.А.Конокалиевдин Суерова Кулумкан Карыповнага таандык Шалта айылындагы Шабданалы көчөсүндөгү №18а дарегинде жайгашкан аянты 1500,0 кв. м. калктуу конуштардагы мончонун имаратынын менен жер участогунун максаттуу багытын турак-жай курулушундагы жер участогуна өзгөртүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суерова Кулумкан Карыповнага таандык Шалта айылындагы Шабданалы көчөсүндөгү №18а дарегинде жайгашкан аянты 1500,0 кв. м. калктуу конуштардагы мончонун имаратынын менен жер участогунун максаттуу багытын турак-жай курулушундагы жер участогуна өзгөртүүгө уруксат берилсин.
2. Суерова Кулумкан Карыповна документтерин Сокулук райондук шаар курулушу, архитектура башкармалыгында жана КАДАСТР мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалында кайрадан каттоого милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Становго жүктөлсүн.
Төрага | А.Т.Ибраимов |