ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
XXVIII чакырылыштын 7 (кезектүү) сессиясы
2022-жылдын 28-январы № 7
Жер участоктун максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө
Гавриловка айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адаис юрист А.А.Конокалиевдин Молдогазиева Нуржамал Мамытбековнага таандык Шалта айылындагы номери жок Сарай участогунда жайгашкан аянты 8120,0 кв. м. сарай турак-жай имараты менен жер участогунун максаттуу багытын турак-жай курулушундагы жер участогуна өзгөртүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Молдогазиева Нуржамал Мамытбековнага таандык Шалта айылындагы номери жок Сарай участогунда жайгашкан аянты 8120,0 кв. м. сарай турак-жай имараты менен жер участогунун максаттуу багытын турак-жай курулушундагы жер участогуна уруксат берилсин
2. Молдогазиева Нуржамал Мамытбековна документтерин Сокулук райондук шаар курулушу, архитектура башкармалыгында жана КАДАСТР мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалында кайрадан каттоого милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Становго жүктөлсүн.
Төрага | А.Т.Ибраимов |