Редакцияот 28.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

XXVIII чакырылыштын 7 (кезектүү) сессиясы

 

 

2022-жылдын 28-январы № 6

 

Гавриловка айыл өкмөтүнүн акы төлөнүүчү кызматтарынын тизмесин бекитүү жөнүндө

Гавриловка айыл өкмөтүнүн ФЭО бөлүм башчысы Ж.Б.Карымшакова 2021-жылдын Гавриловка айыл аймагындагы мүрзөлөрүнө акы төлөнүүчү кызматтын жаңы тарифин карап чыгуу жана бекитүү жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Гавриловка айыл аймагынын Гавриловка жана Романовка айылдардагы мүрзөлөрдө сөөгүн коюу үчүн жер бөлүп берүү үчүн төлөнүүчү кызматтарынын тизмеси бекитилсин:

·         Жергиликтүү тургундар -1000 (бир миң) сом;

·         Шопоков шаарынын тургундары -1000 (бир миң) сом;

·         Сокулук районунун тургундары -10000 (он миң) сом;

·         Башка райондордун тургундары-20000 (жыйырма миң) сом.

·         Гавриловка жана Романовка айылдардын, Шопоков шаарынын тургундары каттоосу жок 10-жыл жашап айылдык кеңешинин депутатынан жана жашаган дарегинен кошуналардын АКТысы болсо -1000 (бир миң) сом;

·         Эмгек ардагери, афган, ЧАЭС, Баткен катышуучулары, 7-апрель элдик революциясынын баатырларынын үй-бүлөлөрүнө жана социалдык паспорту бар жакыр үй-бүлөлөргө, ымыркай балдарга – бекер.

2. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С. Становко жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А.Т.Ибраимов