Загрузка документа…
Гавриловка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 21-сентябры № 29 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-январы № 5
2022-жылдын 28-январындагы кирешелердин чыгашалардан ашкан эсебинен акча каражаттарын бөлүү жөнүндө
Гавриловка айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.А.Абадбековдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин жана эмгек акысын төлөө шарттарын баалоо жөнүндө" токтомунун 4-пункттунун негизинде жана жогорку жетишкендиктерди жана жардам көрсөтүүнү, эмгек акыга кошумча бөлүү үчүн жергиликтүү бюджетти көбөйтүүнү жөнүндө, маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аппаратынын 15 кызматкерине 01.01.2022-жылга карата бош калдыктан кирешелери чыгашалардан ашып кеткендигине байланыштуу ай сайын 4000 (төрт миң) сом өлчөмүндө эмгек акысына үстөк акча каражаты бөлүнсүн.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С. Становко жүктөлсүн.
Төрага | А.Т.Ибраимов |