Загрузка документа…
БИРИМДИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 26-июну № 79
“Биримдик айыл аймагындагы асфальтталган муниципалдык көчөлөр”
жөнүндө
Биримдик айыл аймагынын айылдык кеңеши Жер,айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп талкуулап, Биримдик айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын Х кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Биримдик айыл аймагынын асфальтталган ички муниципалдык көчөлөрүнө өз салмагы 10 тоннадан жогору оор жүк ташуучу унааларга кирүүгө тыюу салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдору жөнүндөгү мыйзамынын 38-берененин 1-пункту, 32-берененин1-5,6,7,10.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексиндеги 181-беренеге ылайык чаралар көрүлсүн.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Биримдик айыл аймагынын башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага |
| Т. Бечелов |