ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
XXVIII чакырылыштын 7 (кезектүү) сессиясы
2022-жылдын 28-январы № 4
“Компьютерде иштеген убактысы үчүн эмгек акысына үстөк төлөм белгилөө жөнүндө”
Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмесиндеги 42-пунктунун 17-пунктусуна ылайык компьютер менен иштөө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги №258 “Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобону жана өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегин (оор жумуштар, зыяндуу, кооптуу жана башкача өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар өзгөчө климаттык шарттардагы жумуштар) бекитүү” жөнүндөгү токтомуна жана эмгек шарттары боюнча комиссиясынын кеңешмесинин №1 Токтомуна ылайык Гавриловка айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2021-жылдын 30-декабрындагы №285 сандуу электромагниттик нурлануунун жана чуу көлөмүн өлчөө токтомунда көрсөтүлгөн Гавриловка айыл өкмөтүндөгү кызматкерлердин эмгек акысына 15%-25% чейинки өлчөмдө белгиленип жана 2022-жылдын 01-январынан баштап эсептөө иштери жүргүзүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөөсү Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Становго жүктөлсүн.
Төрага | А.Т.Ибраимов |