Редакцияот 28.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

XXVIII чакырылыштын 7 (кезектүү) сессиясы

 

 

2022-жылдын 28-январы № 2

 

2022-жылга жана 2023-2024-жылдарга болжолду бюджетти бекитүү жөнүндө

Гавриловка айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.А.Абадбековдун «2022-жылга бюджетти жана 2023-2024-жылдарга болжолду бекитүү жөнүндө» жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2022-жылдын бюджети №1 тиркемеге ылайык атайын каражаттарды эсепке алуу менен 21337,4 миң сом суммасында киреше бөлүгүндө бекитилсин. 2022-жылга бюджет атайын каражаттарды эске алуу менен 21337,4 миң сом суммасында чыгашалар боюнча № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин;

2. Атайын каражаттарды эске алуу менен 2023-2024-жылдарга болжол № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин;

3. 01.01.2022-жылга карата чыгашалардан ашкан кирешелер (эркин калдык) 6021,3 миң сом жана атайын каражаттар 1324,2 миң сом № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин жана бөлүштүрүлсүн.

4. Квартал сайын бөлүнүүчү бюджеттик каражаттарды №5 тиркемеге ылайык бекитилсин.

(1, 2, 3, 5 тиркемелер Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде кагаз түрүндө)

5. Айылдык аймагынын 2022-жылга социалдык-экономикалык иш-чараларынын планы №6 тиркемеге ылайык бекитилсин.

6. 2022-жылга айыл өкмөмүнүн аппаратынын жана маданият (клуб, музей, китепканалар) штаттык сандары бекитилсин.

7. Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдүн түрлөрү, ченемдери боюнча бекитилсин №___ токтому.

8. Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү/кирешелерди/ түшкөндү айылдык аймагынын көрүстөндөрүн тейлөө жана камтуу үчүн башка чыгашаларга пайдалансын.

9. Дарылоо үчүн эң аз айлык акынын 2 эселенген өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүү бекитилсин

10. Утвердить оказание материальной помощи в размере 2х минимальных заработных плат на лечение;

11. Иштин зарылчылыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн башчысына сметалык дайындоолорду беренелер жана элементтер боюнча, бөлүм жана квартал ичинде жылдыруу укугун өткөрүп берилсин.

12. 30,0 миң сом өлчөмүндө кассадагы накталай акча каражаттарын жүгүртүү бекитилсин.

13. Республикалык бюджеттен берилген ыйгарым укуктар боюнча каражаттарды алууда багыты боюнча пайдаланылсын.

14. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С. Становко жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А.Т.Ибраимов