Редакцияот 05.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРИМДИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

2025-жылдын 5-сентябры № 89

 

“Салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү тартибин жөнгө салуу жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 “Үй-бүлөлүк майрамдарды жана аза салтанаттарын тартипке келтирүү чаралары жөнүндө” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” мызамын жетекчиликке алып, Биримдик айылдык кеңешинин II чакырылышынын XIVкезексиз сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Биримдик айыл аймагындагы бардык салтанаттуу иш-чаралардын аякташы ресторандардын, банкет залдардын, жайкы кафелердин жана ушул сыяктуу коомдук тамактануу жана көңүл ачуу жайлардын иштери саат 22:00 дөн кечиктирбестен токтотулсун.

2. Биримдик айыл аймагындагы бардык салтанаттуу иш-чаралардын аякташы ресторандардын, банкет залдардын жайкы кафелердин жана ушул сыяктуу коомдук тамактануу жана көңүл ачуу жайлардын иштери саат 22:00 дө токтотулгандыгы боюнча калк арасында кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 “Үй-бүлөлүк майрамдарды жана аза салтанаттарын тартипке келтирүү чаралары жөнүндө” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мызамын аткарууга алынсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Биримдик айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Сулаймановго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Т.А.Бечелов