Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 05/2-17/39 буйругуна) |
|
|
|
Көл, садок жана көлмө балык чарбаларында өстүрүлгөн балыктарды жана аквакультура продукциясын
эсепке алуунун тартиби
I. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип “Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана суу объектилеринен алынуучу же көл, садок, көлмө балык чарбаларында өстүрүлгөн балыктарды эсепке алуунун тартибин жана балык продуктыларын эсепке алуу, ошондой эле өндүрүлгөн же өстүрүлгөн товардык балыктын жана балык тукумун көбөйтүүчү материалдын көлөмү жөнүндө алгачкы маалыматты чогултуу ыкмаларын аныктайт.
2. Ушул Тартипте колдонулган негизги түшүнүктөр жана аныктамалар:
1) абсолюттук төл – ургаачы балыктын бышып жетилген икраларынын жалпы саны;
2) балыктын чыгышы – өстүрүү мезгилинде балыктардын тирүү калуусу (% менен белгиленет);
3) табыгий балык өндүрүмдүүлүк – табыгий азык менен тамактануусунда вегетациялык мезгил ичинде 1 га дан балыктын массасынын өсүшү;
4) балык өстүрүү продукциясы – аны андан ары өстүрүү жана товардык балык алуу максатында көлмөлөргө кое берилген белгилүү жаш категориясындагы балык (икра, личинка, чабак, бир жайлык, жылдык ж.б.);
5) жетилген икра – урук чачуунун же жасалма симуляциянын жүрүшүндө гонаддан (репродуктивдүү органдардан) эркин ажыраган жана уруктанууга даяр болгон ургаачынын жыныс органдары;
6) уруктандырылган икра – уруктандыруу процесси нормалдуу жүргөн жана клетканын бөлүнүүсү башталган жетилген икра;
7) уруктандыруу пайызы – болжол менен уруктандырылгандан кийин 1,5-2 сааттан кийин нормалдуу ажыраган икранын жетилген жалпы икрага карата пайызы, клеткалардын экинчи бөлүнүү баскычында аныкталат;
8) эмбриондук мезгил – икринкалардын уруктануу мезгилинен тартып, суунун температурасы 18…+20 градус С шартында эмбриондун чокуп чыгуусу, 3-4 сутка ичинде өтөт;
9) өнүгүп жаткан икра – эмбрионддук өнүгүү процесси нормалдуу өтүп жаткан икра;
10) личинкалардын чокуп чыгуусу – эмбрионалдык чел кабыктан (икринкадан) чыгуу процесси, уруктандыруудан кийин икранын инкубация температурасына жана балык түрүнө жараша жүрөт;
11) личинкалардын эндегенондук (ички) азыктануу мезгили – эркин эмбриондун–личинканын өнүгүүсүнүн улануусу личинканын денесиндеги азыктуу камдардын эсебинен жүргөн мезгил;
12) экзогендик (сырткы) азыктанууга өтүү – личинкалардын тышкы азык менен азыктануусунун башталыш мезгили;
13) предличинкалар – эмбриондун чел кабыкты чокуп чыгуусунан тартып саргыч баштыкчанын дээрлик толук таркашына чейинки өнүгүү баскычы;
14) контролдук кармоо – балыктын өсүшүн контролдоо жана азыктандыруунун суткалык ченемдерин түзөтүү үчүн мезгил-мезгили менен кармоо жана салмакка тартуу, бир жайлыктардын (сеголеткалардын) эттенүүсүн аныктоо жана алардын өнүгүүсүнүн тууралыгына байкөө жүргүзүү үчүн ар бир 10 күндө жүзөгө ашырылат, сынамык ар кандай жерден алынат, контролдук кармоо жыйынтыктары атайы журналга жазылат;
15) личинка – сырткы азыктанууга өткөн учурдан тартып, чабак баскычына жеткенге чейинки балык чабагы;
16) чабактар – кабырчык каптап, чоң балык формасын ала баштаган балык чабагы;
17) тоюттануу – балыктын интенсивдүү азыктануусу мезгили;
18) стандарттуу балык чабагы – дааналык-орточо салмакка жеткен жана табыгий суу объектисине чыгарууга даяр болгон чабактар. Нормалдуу шарттарда, стандарттык балык чабагын өстүрүү жүрүмү активдүү азыктанууга өткөн учурдан тартып болжол менен 1 айга созулат, бул мезгил ичинде чыгым личинкадан болжол менен 40 пайызды түзөт;
19) бир жайлыктар (сеголеткалар) – жаш курагы бир жайдын экинчи жарымынан жана күздөн тартып толук өрчүгөн балык;
20) бир жылдыктар – бир кыш кыштаган бир жайлык;
21) эки жайлык – эки жай жашаган балык, башкача айтканда, өмүрүндөгү экинчи жайдын экинчи жарымын жана күздү өткөргөн балык;
22) эки жылдыктар – эки кыш кыштаган эки жайлык;
23) жаш категориялары 1+; 2+; ж.б. – балык чабактарынын бир, эки ж.б. кышты кыштаган жана 1, 2 ж. б. жыл жашаган жаш категориясы;
24) оңдоо башы – алгачкы бышып жетилүүгө жакындаган жана энелик жалпы санын толуктоо үчүн тандалып алынган балыктар;
25) жумушчу төлдөө – балык чарба шарттарында ургаачысы тарабынан ушул жылы чачылган же ургаачыдан жасалма уруктандыруу үчүн алынган бышып жетилген икринкалардын саны, ал икраны эсепке алуунун көлөмү же салмак өлчөмү ыкмасы боюнча белгиленет;
26) балык өстүрүүчү завод – балык өстүрүүчү материалды өндүрүү боюнча толук эмес технологиялык цикли бар балык чарбасы;
27) энелик сан (үйүр) – алардан көп ирет тукум алуу максатында, атайы жагымдуу шарттарда (балык тукумун көбөйтүүчү материал жыштыгынын төмөндүгү, температура жана жарык берүү режими, ашболумдуу тоюттард менен багуу ж.б.) кармалган жыныстык жактан бышып жетилген балыктар;
28) чыгаша – ар кандай жаш категориясындагы балык чабактарынынг өлгөн экземплярлары;
29) табигый чыгаша – өнүгүү аномалиясынын, бул функцияны кыйла күчтүү особдор менен табыгий басмырлап коюунун эсебинен азыктанууну токтотуусунун жана башка табыгий себептерден балык чабактарынын өлүмү. Демейде суткасына бир нече пайыздан (өнүгүүнүн кескин учурунда) он пайыз үлүшүнө чейин болот;
30) технологиялык чыгаша – чоңойтуучу идиштердин нормалдуу эксплуатациясынын жүрүшүндө технологиялык себептерден (тазалоо, сорттоо, отургузуу, ташып жеткрүү, санитардык тазалоо ж.б.) улам балык чабактарынын өлүмү;
31) жогорулаган чыгаша – балык тукумун көбөйтүүчү материалдарынын абалынын толук начарлашына алып келген ар түрдүү себепртерден келип чыккан өлүм (гидрохимиялык режимдин бузулушунан, толук кандуу эмес, оорулуу же көлөмү боюнча туура келбеген азыктарды колдонуудан, одоно жана өз учурунда аткарылбаган тазалоодон, илдеттен ж.б.);
32) массалык чыгаша – адатта, өстүрүү ишиндеги гидрохимиялык режимдин кескин бузулушунан (олку-солку РН, 3 градустан жогорку, температура, кычкылтектин төмөндөшү ж.б.), тоют же гидрохимиялык уулануу, ылаң очогунун пайда болушу же балык чабактарынын жашоо туруктуулугун төмөндөткөн тубаса факторлорго карата чараларды көрбөгөндүктүн кесепетинен келип чыккан көп сандагы балык чабактарынын өлүмү. Балык чабактардын массалык чыгаша фактысы боюнча комиссия түзүлүп, акт жазылат.
2-глава. Өндүрүштүк балык уулоонуу жүргүзүү
учурунда балык уулоону эсепке алуу тартиби
3. Өндүрүштүк балык уулоо тармагында иш алып барган балык чарба мамлекеттик ишканалар, мекемелер жана суу объектилерин жана балык уулоо участкаларын пайдалануучулар (мындан ары – балык субъекттери) төмөнкү эсепке алуу документацияны жана отчетторду жүргүзүшөт (балык өндүрүү журналдары, балык уулоо билеттери):
1) өндүрүштүк балык уулоо журналы белгиленген тартипте балык чарбасы сууларында же алардын айрым балык уулоо участкаларында өнөр жайлык балык өндүрүү ишин жүргүгөн балык субъекттеринин негизги эсепке алуу документи болуп саналат.
Өндүрүштүк балык уулоо журналдарында, өнөр жайлык балык уулоо мезгилине балык субъекттери тарабынан түзүлгөн балык уулоо бригадалары тарабынан кармалган балыктарды эсепке алуу ишке ашырылат.
Өндүрүштүк балык уулоону үчүн пайдаланылган ар бир балык уулоо пунктуна өзүнчө өндүрүштүк балык уулоо журналы берилет, анда ошол балык уулоо участкасында кармалган балыктар каттоого алынат.
Өндүрүштүк балык уулоо журналына маалыматтар, балык уулоо биргадаларынын балыкчылары тарабынан кармалган балыктын балык уулоо пункттарына келип түшкөн күнү киргизилет.
Өндүрүштүк балык уулоо журналы ошол балык уулоо участкасында кармалган балыкты эсепке алуу жана кабыл алуу үчүн жооптуу адамда, балык уулоо пунктунда турууга тийиш.
Өндүрүштүк балык уулоо журналы катуу отчеттуулук документи болуп саналат жана номерленип, көктөлүп жана берген органдын мөөрү менен бекитилиши керек.
Өндүрүштүк балык уулоо журналынын тишелүү графаларына балык уулоо пункттарына келип түшкөн кармалган балык жана алардын андан ары жылышы, жана аларды сатып өткөрүү же жүзөгө ашыруу жайына чейин ташып жеткирүү менен байланышкан балык уулоо пунктарынан чыгарылгандыгы тууралуу бардык маалыматтар жазылат.
Балык уулоо пункттарынан балыкты чыгарып кетүү, салмакка тартуу жана өндүрүштөн чыгарылып жаткан балыкты өндүрүштүк балык уулоо журналына каттагандан кийин гана жол берилет жана балыкты чыгарып кетүүнүн күнү, түрү жана салмагын көрсөтүү менен товарды коштогон документтер (коштоо кагазы) боюнча жүзөгө ашырылат;
2) балыкчыларга өздүгүн тастыктаган өндүрүш билети болгон шартта гана балык кармоого катышууга жол берилет.
Өндүрүш билети, балык субъектеринин штатында турган ар бир балыкчыга берилет жана балыкчынын балыкты өндүрүштүк уулоо (кармоого) катышуусуна укук берген жалгыз документ болуп саналат.
Ар бир балыкчы өндүрүштө кармалып жаткан балыктын эсепке алуусун күн сайын жүргүзүүгө жана өзүнүн бардык кармаган балыгын балык торунан алып чыккандан кийин, жеке өндүрүш билетинде каттоого милдеттүү.
Балык уулоо бригадаларынын балыкчыларынын бардык кармаган балыктары балык уулоо пунктунун улук кызматкерине өткөрүлүп берилет, ал балыкчыдан кабыл алынган балыкты өндүрүштүк балык уулоо журналында каттайт.
Өндүрүш билеттери номерленип, көктөлүп жана берген органдын мөөрү менен тастыкталууга тийиш.
3) Балык субъекттери өндүрүштө кармалган балыктардын эсепке алуусун суу объекттери жана балык түрлөрү боюнча жүргүзүщөт жана ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 10 числосуна чейин балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга белгиленген тартипте отчетторду тапшырат.
3-глава. Балык чарбаларындагы
эсепке алуу жана отчеттуулук
4. Балык чарбаларын өнүктүрүү боюнча өндүрүштүк жана уюштуруу иш-чаралары илимий кызматкерлердин, балык өстүрүүчүлөрдүн, ихтиопатологдордун жана көлмөлөрдө жана башка балык өстүрүү курулмаларында (садоктор, бассейиндер ж.б.) эмгектенишкен башка адистердин катышуусунда иштелип чыгат.
5. Ар бир балык чарбасынын функциясына, зарыл болгон эсепке алуу жана отчеттуулукту жүргүзүү менен уюштуруу жана ыкчам-чарбалык жетекчиликти жүзөгө ашыруу жана өндүрүш-каржылык мерчемдерди аткарууга контролдук кылуу милдеттери кирет.
6. Товардык балыкты өстүрүү менен алектенген балык чарбаларында балык өстүрүү иштеринин календардык мерчемдери жыл сайын түзүлүп турат. Мындай мерчемдер ар бир өндүрүш процесси үчүн иштелип чыгат: урук чачууну жүргүзүү, балык тукумун көбөйтүүчү материалдарынын кыштоосун уюштуруу, асыл тукум үйүрүн, өсүмдүк менен азыктанган жана башка балык түрлөрүн өстүрүү.
7. Отчеттук мезгил үчүн чарбанын ишин чагылдырган атайы очеттук формалардан тышкары, бардык балык чарбаларда системдүү түрдө ички эсепке алуу-маалыматтык документ болуп саналган балык өстүрүү китеби жүргүзүлөт, ага көлмөлөр жана кандай категориядагы садоктор боюнча балык чарбасынын балык өстүрүү иш-чараларын аткаруудагы ишинин акыркы өндүрүш маалыматтары киргизилет. Алынган акыркы жыйынтыктар пландуу жыйынтыктар менен салыштырылып талданат.
8. Балык өстүрүү китеби, бүтүндөй чарбаны мүнөздөгөн бир катар маалыматтарды камтыйт. Ошондой эле көлмө жана садоктордун ар кандай категориялары, алардын аянты жана саны тууралуу маалыматтар да камтылат. Балык өстүрүү китебине, ошондой эле даярдоо жана эксплуатациялоо процессинде аткарылган иштин ар кандай түрлөрүнүн чагылдырылышы жана типешелүү категориялардагы көлмөлөр жана садоктор боюнча ар жылдык өндүрүш ишинен алынган натыйжалар да киргизилет.
9. Суу объекттери менен көлдөрдүн аянттары балык өстүрүү китебине, долбоордук маалыматтар боюнча эмес, өтүп жаткан жылы иш жүзүндө суу менен толтурулган аянты боюнча киргизилет.
10. Балык өстүрүү китебиндеги бардык жазуулар тиешелүү иштерди аткаруунун жүрүшүндө же болбосо тиешелүү кампания (уруктандырууну жүргүзүү жана чабактарду көчүрүү, кыштоочу жерлерди бошотуу жана семиртүү көлмөлөрүн балыктандыруу, өсүп калган жана семиртүү көлмөлөрдөн контролдук уулоо, балыкты кыштоого олтургузуу ж.б.) аяктаган кийин түздөн-түз аткарылат.
11. Көлмөлөрдү суу менен толтурууга даярдыгы жана балык өстүрүү курулмаларынын абалы жөнүндөгү маалыматтар көлмөлөрдү эксплуатацияга кабыл алуу актыларынын негизинде жазылат.
12. Эсепке алуу балык чарбасынын жетекчиси менен катар балык өстүрүү китебиин туура жүргүзүлүшү үчүн жооптуу болгон балык өстүрүүчүгө тапшырылат.
13. Бардык байкоолорду жана балык чарбасындагы балык өстүрүүнүн утурумдук иштерин эсепке алуу үчүн балык чарбасында атайы күндөлүк жүргүзүлөт. Ага кийин актыларды, ведомостторду, журналдарды жана балык өстүрүү китептерин тариздөө үчүн керек болгон маалыматтар жазылат.
14. Күндөлүккө көлмөлөрдү жана садокторду даярдоонун мүнөзү, өлчөмү жана сапаты, урук чачууну өткөрүү, личинкалардын чокуп чыгуусу, алардын өрчүүсү, өстүрүлүшү, кыштоосу жана балык кармоо маалыматтары, балык чарбасында жүргүзүлгөн санитардык-профилактикалык жана башка иштер тууралуу маалыматтар жазылат.
15. Күндөлүккө, ошондой эле айрым категориядагы көлмөлөрдөгү абанын, суунун температурасына, газ режимине байкооо жүргүзүүнүн жыйынтыктары да жазылат.
16. Күндөлүккө эсепке алуу, балыкты көчүрүү, көлмөлөрдү байытуу, алардын мелиориацясы жана балыкты азыктандыруу ыкмалары, балык өстүрүү иштеринин өндүрүштүк жана экономикалык көрсөткүчтөрү жана башка маалыматтар дагы киргизилет.
Байкоо жүргүзүү жана балык уулоо иштеринин күндөлүгү
(бригаданын, чарбанын, райондун, облустун аталышы)
Күнү, айы, жылы
| Балык өстүрүү иштеринин жана байкоолордун мүнөзү | Өлчөө бирдиги | Сандык жана сапаттык көрсөткүчтөр |
1 | 2 | 3 | 4 |
|
|
|
|
17. Жогоруда келтирилген күндөлүктүн негизинде балык чарбасынын болжолдуу календардык мерчеми түзүлөт.
4-глава. Балык уулоо, товардык балыкты жана
балык тукумун көбөйтүүчү материалдарын өндүрүү
жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттик
статистикалык отчеттуулук
18. Форма №28 (балык) статистикалык отчеттуулугу балык чарбасы мамлекеттик ишканасы жана мекемеси, белгиленген тартипте аларга бекитилип берилген суу объектилеринде жана көлмөлөрдүн балык уулоо участкаларында товардык балыкты жана балык тукумун көбөйтүүчү материалдарын алуу, өстүрүү жана көбөйтүү менен алектенген көлмөнү пайдалануучулар тарабынан түзүлөт.
19. Отчеттуулук балык өстүрүү жана балык уулоо боюнча эсепке алуу журналдарынын, балык өстүрүү китептеринин, ошондой эле бухгалтердик маалыматтардын жана ар кандай иштердин түрлөрү боюнча актылардын негизинде толтурулат.
20. Форма №28 (балык) статистикалык отчеттуулук балык субъекттери тарабынан балык чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга ар бир жылдын 28-декабрында, 28-мартында, 28-июнунда жана 25-сентябрында берилип турат.
Аталган отчеттуулуктун тиешелүү саптарында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
– 01 “Балык кармалган көлмөлөрдүн аянты” сабы боюнча –отчеттук мезгил ичинде товардык балыкты уулоо жүзөгө ашырылган көлмөлөр тууралуу маалыматтар чагылдырылат, тонна менен;
– 03–08-саптары боюнча – көлдөрдө, суу сактагычтарда, садоктордо жана көлмөлөрдө отчеттук мезгил ичинде кармалган жана өстүрүлгөн балыктар тууралуу маалымат чагылдырылат, тонна менен;
– 09–16-саптары боюнча – түрлөрү боюнча кармалган балыктар тууралуу маалымат чагылдырылат, тонна менен;
– 02-сап= 03–08-саптарынын суммасына, жана 02-сап 09–16- саптарынын суммасына =;
– 17-18 “Сатылган балык – бардыгы” саптары боюнча – балык субъекттери тарабынан түздөн-түз базарда, соода түйүндөрүндө сатылган, башка уюмдарга жүктөлүп берилген, ошондой эле эмгек акыны төлөө эсебинен чарбанын жумушчуларына берилген балыктын саны белгиленет, тонна менен, миң сом;
– 19 “Икраны камдоо– бардыгы” сабы боюнча – бардык балык түрүнөн камдалган икранын саны көрсөтүлөт. Эгерде кубулжуган форель башка өлкөлөрдөн алып келинген болсо, накладной жана ветеринардык күбөлүктү берүү зарыл;
– 19-сап 20-22- саптарынын суммасына =;
– 20-22-саптары боюнча – балык түрлөрү боюнча камдалган икранын саны чагылдырылат;
– 23 “Балык тукумун көбөйтүүчү материалдар боюнча көлмөлөрдүн аянты” сабы боюнча – отчеттук жылда алар колдонулганына же колдонулбаганына карабастан, балык питомниктеринин жана балык тукумун көбөйтүүчү материалдарын өстүрүү боюнча бардык питомниктердин жана башка суу объектилеринин жеке жана бекитилип берилген аянттары (өстүрүү, энеликтер отурукташкан, кыштоочу, урук чачуучу, урук чачуу алдындагы чабак көлмөлөрү, көлмө-садоктор) көрсөтүлөт ;
– 24 “Аларда балык балык тукумун көбөйтүүчү материалдары өстүрүлгөн” сабы боюнча – кышттоого ыкташкан көлмөлөр, кыштоо комплекстери боюнча кыштоо көлмөлөрүн кармоодон кийики маалыматтар көрсөтүлөт;
– 25–29-саптары боюнча – балык түрлөрү боюнча өзүнчө балык тукумун көбөйтүүчү материалдарынын саны көрсөтүлөт;
– 24-сап 25-29-саптарынын суммасына =;
– 30 “Өстүрүүгө баалуу балык чабактары менен балыктандырылган – бардыгы” сабы боюнча – өздүк чарбанын кыштоо көлмөлөрүнөн алдын-ала кармалган же сырттан алып келинген бир жылдык жана эки жылдык балыктардын семиртүү көлмөлөрүнө кое берилген саны тууралуу маалыматтар көрсөтүлөт;
– 31–36-саптары боюнча, анын ичинде балык түрү боюнча;
– 30-сап 31–36 саптарынын суммасына =;
– 37 “Калыбына келтирилген жана жаңы курулган балык өстүрүү көлмөлөрү – бардыгы” сабы боюнча – балык чарба максаттары үчүн курулган жана калыбына келтирилген көлмөлөрдүн аянттары көрсөтүлөт .
21. Балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү балык субъекттери тарабынан өндүргөн жана өстүргөн товардык балыкты жана балык тукумун көбөйтүүчү материалдарынын көлөмү, ошондой эле №28 (балык) статистикалык отчеттуулук формасы боюнча көлмөлөрдөн кармалган балыктардын көлөмү тууралуу статистикалык маалыматтарды топтоону жүзөгө ашырат.
22. Балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган № 28 (балык) формасы боюнча келип түшкөн статистикалык отчеттуулукту топтоп, талдагандан кийин ар бир кварталдын 10-числосуна карата топтолгон отчетту Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине жөнөтөт.
5-глава. Балык өндүрүүчүлөрдү эсепке алуу жана инвентаризациялоо
23. Асыл тукум балыктарды эсепке алуу (инвентаризация) жылына эки ирет ишке ашырылат: жазында жана күзүндө кыштоо жана жайкы энелик балыктар жайгашкан көлмөлөрдү боштотуудан кийин.
24. Мында, өсүүдөн артта калган, ооруулуу жана жабыркаган особдор бракка чыгарылат.
25. Балык субъекттери ар бир курак тобундагы особдордун саны, жалпы жана орточо массасы, алардын абалы тууралуу маалыматтарды белгилөө менен акт түзүшөт. Балыктын жайында өскөнүн же кышында салмагын жоготконун (% менен) жана бракка чыгарылган себебин аныкташат.
26. Асыл тукум балыктарды өндүрүүчүлөргө карточка – паспорт түзүлөт.
27. Бонитировка жүргүзүүнүн жеке карточкасы балык өндүрүүчүлөрдүн ар бири үчүн документ болуп саналат. Анда ар бир өндүрүүчүнүн теги жана анын жыл сайын бааланган жыйынтыктары тууралуу маалыматтар киргизилет.
28. Балык тууралуу негизги маалыматтардан тышкары, жыл сайын тукумдуулугу, балык өндүргүчтүн тукуму (жупташып урук чачуу учурунда), жашоого туруктуулугу жана алынган тукумдун өсүү темпи жөнүндө маалыматтар толтурулат. Бул жазуулар уяда урук чачуу учурунда да жазылат, бирок анда ургаачысы менен эркекегинин, экөөнүн тең номери көрсөтүлөт.
29. Топтошуп урук чачуу учурунда, бир урук чачуучу көлмөгө экиден ашык ургаачы балык салынган кезде, мындай жазуулар жүргүзүлбөйт.
30. Балык санынын кыймылы тууралуу ведомосту толтуруу, балык чарбасындагы өзгөрүүлөр жана которуулар туурасында так маалыматтарды алууга жана оңдоо башынын балык чабактарынын үйүрүн жана өндүргүч балыктарды өз учурунда топтоого, алардын курак, жыныстык жана породалык түзүмүн мерчемдөөгө мүмкүнчүлүк берет – бул өндүргүч балыктардын белгилүү санын кармап турууга жана асыл тукум иштерин жүргүзүүгө көмөк көрсөтөт.
31. Өндүргүч балыктар сатылган же башка балык чарбасына өткөрүлүп берилген учурда, алардын ар бирине алынган тукуму (эгерде ал орун алса) тууралуу маалыматтары менен паспорт толтурулат.
32. Бул жаңы шарттарда өндүргүч балыктардын сапатын текшерүү үчүн зарыл.
33. Өзүнчө көлмөлөр боюнча балык өстүрүү китебиндеги жазуулардын негизинде бүтүндөй балык чарбасы боюнча балык үйүрүнүн кыймылынын жыйынды ведомосту түзүлөт.
34. Жасалма өндүрүү максатында колдонулган лосось жана сига өндүргүтөрү алардан икралар алынгандан кийин балык дүкөндөрүнө же соода тармактарына өткөрүлүп берилет, андан кийин аларды сатуудан түшкөн каражаттар балык запастарын көбөйтүүгө максаттуу пайдалануу үчүн балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын атайын эсебине которулат.
35. Балык питомнигинин делолорунда төмөндөгү туруктуу документтер сакталууга тийиш:
– жеке ведомосттор;
– жеке бонитировка картотекасы;
– балк чабактарынын китеби;
– балык санынын кыймылынын ведомосту;
– ушул сезондо балык өндүргүчтөрдү тандоо мерчемдери.
36. Бардык материалдарды эсепке алуу менен катар балык чарбасында өндүрүү процесстерине катышкан балык өндүргүчтөрдү бонитировкалоо жүргүзүлөт, алардын асыл тукум жана чарбалык сапаттары аныкталат.
37. Бонитировка балыкты текшерүүгө алуу, таразага тартуу, узундугун, бийиктигин, калыңдыгын жана дене кулачын өлчөөнү болжолдойт.
38. Алынган маалыматтар боюнча балыктын экстерьери аныкталат: денесинин салыштырмалуу бийиктиги жана калыңдыгы, денесинин салыштырмалуу кулачы жана эттенүү коэффициенти. Бонитировка материалдарына ылайык ведомость түзүлөт.
39. Өндүрүүчүлөрдү бонитировкалоо мезгилинде балыктар сапаттуу топторго (класстарга) бөлүнөт.
40. Балыктын ургаачылары үч класска бөлүнөт:
– 1-класс –жыныстык белгилери жакшы көрсөтүлгөн экстерьер боюнча мыкты ургаачылар, биринчи кезекте аларды уруктандырууга колдонушат;
– 2-класс –жыныстык белгилери орто көрсөтүлгөн, ошондой эле биринчи жолу бышып жетилип жаткан ургаачылар;
– 3-класс – жабыркат алган жана майыптыгы барлар. 3-класска кирген ургаачы балыктар урук чачкандан кийин бракка чыгарылат.
41. Балыктарын эркектери эки класса бөлүнөт: биринчи класс – жакшы экстерьери менен жаш жана орто курактагы балыктар, калган балыктарды экинчи класска кирет, алар резерв болуп саналат.
42. Балык өстүрүү китеби менен күндөлүктөн тышкары, балык өстүрүү чарбасында, чарбалык жана балык өстүрүү шаймандарын жана жабдууларын эсепке алуу үчүн инвентардык китеп, ошондой эле көлмө жана курулмалардын кыскача балык чарба жана техникалык мүнөздөмөсү келтирилген гидротехникалык курулмаларды эсепке алуу китеби жүргүзүлүүгө тийиш.
43. Өндүргүч балыктарды эсепке алуу үчүн балык заводдорунда жана балык өстүрүү чарбаларында төмөндөгү эсепке алуу документациясы жүргүзүлөт:
1) Балыктын лосось жана сига түрлөрүнүн өндүргүчтөрүн эсепке алуу журналы
Лосось жана сига балык түрлөрүнүн кармалган өндүргүчтөрүн ыкчам эсепке алуу үчүн колдонулат. Журналга жазуулар, декада үчүн жыйынтыктарды чыгаруу менен икраны топтоо жана кармоо пунктунда балык өстүрүү адиси тарабынан күн сайын аткарылып турат. Журналда балыктын ар бир түрүнө зарыл болгон барак саны ачылат, ал эспепке алуу мезгилиндеги (ай, кавртал, жыл) жазууларды аткаруу үчүн жасалат.
2) балыктарын өндүрүүчүлөрдү эсепке алуу журналы
Бөлүкчө балыктарынын өндүрүүчүлөрүнүн өндүрүүчүлөрдү кармоо жана кое берүү мезгилинде урук чачуу-өстүрүү чарбаларына келип түшүүсүн эсепке алуу үчүн колдонулат. Журналга жазуулар күн сайын – урук чачуу-өстүрүү чарбасынын балык өстүрүүчү адиси тарабынан аткарылат. Журналдагы маалыматтар чарбанын көлмөлөрүн чарбалык маанидеги (частиковые) балыктарынын өндүргүчтөрдү менен балыктандыруу үчүн колдонулат.
3) Өндүргүч балыктарды биологиялык талдоону эсепке алуу журналы
Балк уулоо мезгилинде өндүргүч балыктын сапатына биологиялык талдоону эсепке алуу үчүн колдонулат. Журналдагы жазуулар, өндүргүч балыктардын келип түшүүсүнө жараша лаборант тарабынан аткарылат.
4) Лосось жана сига балыктарынын өндүргүчтөрүн даярдоону жана ташып жеткирүүнү эсепке алуу журналы
Лосось жана сига балыктарынын өндүргүчтөрүн ыкчам эсепке алуу жана алдарды ташып жеткирүү боюнча ишине талдоо жүргүзүү үчүн колдонулат. Журналга жазуулар күн сайын лосось же сига балыктарынын өндүргүчтөрүн даярдоо жана ташып жеткирүү мезгилинде өндүргүчтөрдү даярдоо үчүн жооптуу башкы балык өстүрүүчү тарабынан жазылат. Журналдагы маалыматтар отчет түзүү учурунда колдонулат.
44. Балык субъекттеринин жетекчилери мамлекеттик балык заводдорунда жана мамлекеттик балык чарбаларында эсепке алуу документациясын жүргүзүүгө туруктуу мониторинг жүргүзүп турушат.
45. Эсепке алуу документацияларынын формалары балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
46. Өстүрүлгөн товардык балык жана балык тукумун көбөйтүүчү материалдарын чыгарууну эсепке алуу боюнча бардык материалдар (эсепке алуу журналдары жана карточкалары, балык чабактарын чыгаруу актылары, икра жана балык чабактарын инвентаризациялоо) катуу отчеттуулук документтер укугунда кеминде 5 жыл сакталышы керек.
6-глава. Балык өстүрүү продукциясын эсепке
алуу ыкмалары
47. Балык подукциясын эсепке алуунун бир нече ыкмасы бар, аларга төмөнкүлөр кирет:
1) тикелей ыкма – жаш курагы бир жылдан ашкан анча чоң эмес (он–жүз экземпляр) партияларды өлчөө жана салмактоо үчүн колдонулат, адатта, кеминде 1+;
2) көлөм-салмак ыкмасы – икра, личинка жана орточо салмагы 10 м чейин болгон эрте жаштагы балык чабактары менен иштөөдө колдонулат. Мында тандалып алынган партиянын негизинде бардык икра же балык чабагы эсептелип чыгат. Мисалы, бардык икра санынын көлөмү 1 л барабар, 5 см3 стаканда 500 икринка бар, демек икринкалардын жалпы саны төмөнкүнү түзөт:
= 100 миң даана
Салмактык ыкмада алгач энеликтен алынган бардык икраны салмактап алат, андан соң 2-3 анча чоң эмес порция алынат (идиш б кичине болсо 0,2-0,4 г. порция алынат, орточо идиште – 0,5-3 г, чоң идиште 10-20 г), алар таразага тартылат, ар бир порциядагы икринка дааналап саналып чыгат жана орточо саны 1 г икра менен аныкталат, андан соң бардык икранын санын аныкталат;
3) эталон боюнча эсептеп чыгуу ыкмасы дагы балыктардын кенже курак топтору менен иш алып барууда колдонулат. Мында стандарттык идишке балыктын эталондук саны кое берилет жана толтурулган идиштин саны боюнча бардык балык чабактарынын маалыматтары эсепке алынат;
4) икраны стандарттык орточо салмагы ыкмасы балыктын жумушчу тукумдуулугун аныктоо үчүн кызмат кылат. Сейрек колдонулат, анткени балык чабактарынын олуттуу жаракат алуусу менен байланыштуу.
7-глава. Балык тукумун көбөйтүүчү материалдарды
балык заводдоруна жана балык чарбаларына
кириштөө жана эсепке алуу жол-жобосу
48. Даярдалган же балык чарбаларында багылган өндүргүч балыктардан тукум алуу боюнча иштерди өткөрүү учурунда уруктандырылган икра түрүндө алынган тукум атайы балык өстүрүү журналына киргизилет, анда иньециялоо (табыгий бышып жетилүү), бышып жетилүү жана даяр жыныстык продуктуну алуу шарттары тууралуу маалыматтардан тышкары, алынган икранын саны грамм менен жана уруктанганга чейин жетилген икранын орочо салмагы милдеттүү түрдө белгиленет.
Бул көрсөткүчтөр уруктандыруу пайыздары менен катар эле тукумдуулукту жана балык өстүрүү процессинин бардык андан ары жүрүшүн аныктоо үчүн базалык болуп саналат.
49. Балык өстүрүү процессинин жүрүшүндө экинчи маанилүү эсепке алуу мүнөздөмөсү болуп уруктандыруу пайызы саналат, ал экинчи клеткалык бөлүнүү баскычында (төрт бластомер) аныкталат, ал температурага жараша, болжол менен уруктандыруу учурунан 1,5-2,5 сааттан кийин болот.
50. Уруктандырылган икранын саны төмөнкү формала боюнча аныкталат:
Икранын M x орточо салмактын N x уруктануу % = уруктанган икранын m,
мында:
икранын М – бир икринканын салмагы (орточо салмагы);
орточо салмактын N – бир орточо салмактагы икринкалардын саны (бир сынамыкта);
уруктануу % – уруктанган икринкалардын үлүшү, пайыз менен;
уруктанган икранын m – бардык уруктанган икранын жалпы салмагы.
Ошентип, формула уруктанган икралардын массасы бир икранын массасынын, икранын жалпы санына жана уруктанган икралардын пайызына барабар экендигин көрсөтүп турат жана балыктын бардык асыл тукум көрсөткүчтөрүн эсептөө үчүн баштапкы чекит катары кызмат кылат.
51. Өөрчүп жаткан икранын санын тактап аныктоо үчүн критикалык баскыч (сар пробка, жүрөк кыстырмасы жана айлануучу эмбрион) деп аталгандан сынамыктар тандалып алынышы мүмкүн.
Эреже катары, эгерде уруктануу пайызы 80 % жогору болсо – бул сынамыктар окшош натыйжа көрсөтүшөт, жана демейде кайта сынамыкты талап кылбайт, төмөн % уруктандуруу учурунда эмбриондун аномалдуу өнүгүүсүнүн эсебинен олуттуу четтеп кетүү ыктымал жана кайталап сынамык өткөрүү милдеттүү, анткени, нормалдуу өнүгүп жаткант особдун % икранын партиясында 50 % төмөн болсо, мындай икра андан ары инкубациялоого жараксыз деп таанылат жана ветеринардык эрежелерге ылайык акт боюнча эсептен алып салынууга жатат.
52. Икраны инкубациялоо мөөнөтү температурага жараша 5-21 сутканын ичинде өзгөрүлүп турат (балыктын карп түрү үчүн), мөөнөтү аяктагандан кийин кириштелген икра, эсептен алып салынган чыгашадан тышкары, автоматтык түрдө личинка категориясына которулушу керек.
53. Чокулуп чыккандан кийин личинкалар кармап туруу (эндогендик азыктануу) мезгилинде инкубациялык аппараттардан лотокторго, бассейиндерге же садокторго которулат, алар балык түрүнө жана температурага жараша 5-15 суткага созулат. Которуу учурунда, өзгөчө икра олуттуу чыгаша болгон жагдайда, личинка эталлон ыкмасынын жардамы менен эсептелип чыгат. Кайра эсептөө маалыматтары балык өстүрүү журналына киргизилет.
Жагымдуу чөйрө шартында кармап туруу мезгилинде жана чокуп чыккан личинканын сапаты нормалдуу болсо, адатта чыгаша 3 % ашпайт.
54. Балык өстүрүү процессинин кийинки баскычы болуп, личинканын сырткы (эндогендик) тамактанууга өтүүсү саналат. Бул процесс бир катар татаалдыктар менен байланыштуу, жана адатта, эгерде бул баскычта чыгаша 20 % ашпаса, нормалдуу деп эсептелген олуттуу чыгымдар менен коштолот.
Бул баскыч оптималдуу 20 % С тегерегиндеги температуралык шартта 2-4 суткага созулат (крап түрү үчүн). Техникалык татаалдыктардан жана бул этаптын эмгекти көп талап кылуусунан улам, анын жүрүшүндө чыгымды эсепке алуудан башка эч кандай эсепке алуу операциялары жүргүзүлбөйт.
55. Балык чабагын алуунун биотехникасынын кийинки баскычынан болуп личинканы 500-700 мг. салмакка чейин азыктандыруу саналат. Бул жоопкерчиликтүү баскычтын жүрүшүндө балык чабагынын азыктанбаган бөлүгүнүн чыгашасы байкалышы мүмкүн, ал өндүрүштүк өстүрүү жыштыгында сөзсүз орун алат. Узактыгы 10-14 суткага созулган бул мезгил ичиндеги чыгаша балык чабагынын активдүү азыктанууга өткөндөрүнөн 10-12 % түзөт. Ушуну менен 18-25 суткага созулган балык чабагынын өнүгүүсүнүн личинка мезгили аяктайт, андан кийин балык чабагы малек категориясына өтөт.
56. Балык чабагынын салмагы 500-700 мг. жеткенде иргелет жана көлөмүнө жараша өзүнчө өстүрүү суу объектерине кое берилет, ал жакта алардын салмагы 2-3 г. орточо салмак стандартына чейин өсүүсү жүрөт, демейде ал 20 сутканын тегерегин түзөт. Бул мезгил ичиндеги нормалдуу технологиялык чыгым 5-8 % түзөт. Балык чабагын эсепке алуу кое берүүнүн жана иргөөнүн жүрүшүндө эталлондук ыкма менен жүзгө ашырылат.
57. Стандарттык орточо салмакка жеткенден кийин балыктын негизги массасы семиртүү үчүн табыгий же жасалма суу объектилерине кое берилет же башка балык чарбаларына өткөрүлүп берилет. Мында эсепке алуу көп учурда эталон ыкмасында кол менен эсептөө аркылуу, же техникалыке каражаттарды (бөлүү жабдуулары, сейрек учурда электромеханикалык эсептегичти) колдонуу менен жүргүзүлөт. Кое берилип жаткан балык чабагына белги коюлган учурларда, белги коюлуп кое берилген балык чабагынын бөлүгүн жапырт кол менен эсептөө жүргүзүлөт.
58. Балык чабагынын калган, энелик санын оңдоо үчүн калтырылып жаткан 1-3 миңден ашпаган бөлүгү акырында бир жайлыктар (сеголеткалар) катары кириштелет, алар отчеттулук боюнча кыштоо мезгилине чейин ошол абалда өтүшөт, же жыл бою өстүрүү учурунда, 10 айдын ичинде, кийинки кыштоого чейин, андан кийин алар 1+ категориясына өтүшөт, же кийин 2+ категориясына өткөнчө, 12 ай ичинде, андан ары дагы биринчи бышып жетилүү мезгилине чейин алар өндүрүүчүлөр категориясына которулат.
59. Оңдоо үйүрүн өстүрүүнүн жүрүшүндө, демейде табыгий чыгым биринчи жылы жылына 3-5 % түзөт, ал эми кийинкисинде 1% ашпайт.
Мында, оңдоону өстүрүүнүн жүрүшүндө сорттоп жана тандап алдуу процесси ар дайым жүрүп турарын эсепке алуу керек, анын жүрүшүндө алардын генетикалык ар түрдүүлүк чагылдырган фенотипикалык ар түрдүүлүк менен балыктар тобу түптөлөт, ал эми кайталоочу особдордун бир бөлүгү башка балык чарбаларына берүү же суу объектилерине кое үчүн бракталат. Брактоо процесси милдеттүү түрдө тиешелүү акт менен чагылдырылат.
60. Балык заводдоруна же балык чарбаларына башка балык чарбаларынан балык тукумун көбөйтүүчү материалдары келип түшкөндө же өндүргүч балыктарды кармоонун натыйжасындагы балык чабактарын кириштөө, балык тукумун көбөйтүүчү материалдарына берилген коштомо кагаздардын жана ветеринардык документтерин негизинде ишке ашырылат.
Эгерде алар жок болсо, балык өстүрүүчү жана башка адситерди тартуу менен балык тукумун көбөйтүүчү балык материалдарын кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы түзүлөт.
61. Икра жана балык чабактарын эсепке алуу үчүн балык чарбаларында жана балык заводдорунда төмөндөгү эсепке алуу документациясы жүргүзүлөт:
1) Лосось жана сига балыктарын камдоону (топтоонун) эсепке алуу журналы
Лосось жана сига түрүндөгү балыктардын икраларын камдоо жана топтоону эсепке алуу үчүн колдонулат. Журналга жазууларды икраны камдоо (топтоо) пункттарына икранын келип түшүү учурунда же икра инкубациялык цехке түшкөндөн кийин, балык заводунун (балык чарбасынын) балык өстүрүүчү адиси жүргүзөт.
2) Лосось жана сига балыктарынын икарларын инкубациялоону (личинкаларды кармоону) эсепке алуу журналы
Инкубациялык цехтин же личинкаларды кармап туруу цехинин ишин эсепке алуу үчүн колдонулат. Журналга жазуулар икранын жана личинканын ар бир партиясы боюнча же ар бир инкубациялык аппарат, балык питомниги, бассейин боюнча жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, заводдо болгон бардык икра (личинка) боюнча жазуулар жүргүзүлөт. Журналга жазууларды күн сайын икраны инкубацялоо жана личинканы кармап туруу үчүн жооптуу балык өстүрүүчү жүргүзөт.
3) Өлгөн икраны (балык чабагын, личинканы) алып салуну эсепке алуу ведомосту
Инкубация, кармап туруу жана өстүрүү учурунда өлгөн икраларды, личинка жана балык тчабактарынг эсепке алуу үчүн колдонулат.
Жазуулар күн сайын, өлгөн икраларды, личинка жана балык чабактарын алып салуу үчүн жооптуу адам тарабынан аткарылат.
Ведомость бир нускада толтурулат, өлгөн икраларды, личинка жана балык чабактарын алып салууга катышкан адамдар тарабынан кол коюлат.
4) Лосось жана сига балыктарынын икраларын инкубациялоо, личинкаларын кармап туруу жана өстүрүү, балык чабактарын өстүрүү жана кыштоосун эсепке алуу журналы
Журнал балык заводунун (балык чарбасынын) ишине анализ жүргүзүү үчүн кызмат кылат.
Жазуулар партия боюнча икра салынгандан балык чабагы чыкканга чейин жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, уруктануунун бир жылдагы бардык партиялары боюнча маалыматтар суммаланат.
Жазуулар негизинен башкы балык өстүрүүчү же икраны инкубацяилоону эсепке алуу үчүн жооптуу балык өстүрүүчү тарабынан балык өстүрүү процесстеринин аякташына жараша ишке жүргүзүлөт.
Ыкчам эсепке алуу маалыматтар маалыматтарды толтуруу үчүн негиз болуп саналат.
Маалыматтардын бир нускасы балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт, экинчиси балык заводунда (балык питомнигинде) калат.
5) Лосось жана сига балыктарынын балык чабактарын өстүрүүнү, багууну жана азыктандырууну эсепке алуу журналы
Балык чабактарын жана тоютту чыгымдоону эсепке алуу үчүн колдонулат. Журналга жазуулар күн сайын балык чабактарын өстүрүү жана азыктандыруу үчүн жооптуу болгон өстүрүү цехинин балык өстүрүүчүсү тарабынан жүргүзүлөт. Журналдагы көрсөткүчтөр балыкты азыктандырууга кеткен тоютту эсептен алып салуу үчүн колдонулат. Журналда балык чабактарынын ар бир партиясына өзүнчө барак ачылат.
6) Чарбалык маанидеги балыктардын чабактарын көлмөдө өстүрүүнү эсепке алуу журналы
Көлмө цехинин ишине анализ жүргүзүү жана чарбалык маанидеги балыктардын чабактарын эсепке алуу үчүн колдонулат.
Журналдагы жазуулар көлмөнү суу менен толтуруу, байытуу, тазалоо жана балык чабагын кое берүү мезгилинде цехтин нөөмөтчү балык өстүрүүчүсү тарабынан жүргүзүлөт.
Маалыматтар жылдык отчетту түзүү учурунда колдонулат.
7) Чарбалык маанидеги балыктардын чабактарын кое берүүнү эсепке алуу карточкасы
Көлмөлөргө чыгарылап жаткан чарбалык маанидеги балыктардын чабактарын эсепке алуу боюнча негизги документ болуп эсептелет.
Карточка жумуш күнү аяктагандан кийин эсепке алуучу (учетчик) тарабынан толтурулат жана контролер тарабынан кол коюлуп, нөөмөтчү балык өстүрүүчүгө өткөрүлүп берилет.
Бул карточкалар чарбалык маанидеги балыктардын чабактарын кое берүүгө акт түзүү үчүн колдонулат. “Башка балыктардын түрдүк курамы” графасында негизги жолуккан балык түрлөрү белгиленет, ал эми “башка балыктар” графасында – аз сандагы жана сейрек кездешүүчү балык түрлөрү көрсөтүлөт.
8) Чарбалык маанидеги балыктардын чабактарын кое берилип жаткандарынын орточо салмагын аныктоо карточкасы
Чарбалык маанидеги балыктардын чабактарын кое берилип жаткандагы мезгилиндеги аныкталган орточо салмактарын чагылдыруу үчүн колдонулат.
Жазуулар, алынган сынамыктын негизинде эсепке алуучу (учетчик) жана котролер тарабынан жүргүзүлөт. Жумуш күнү аяктагандан кийин эсепке алуучу жана контролер тарабынан кол коюлган карточка нөөмөтчү балык өстүрүүчүгө өткөрүлүп берилет.
9) Икраны топтоо жана балык өндүрүүчүлөрдү пайдалануу жөнүн акт.
Балык заводунда (балык питомнигинде) икраны топтоону жана балык өндүрүүчүлөрдү колдонууну тариздөө үчүн колдонулат.
Акт комиссия тарабынан үч нускада түзүлөт.
Толтуруу үчүн негиз болуп ыкчам эсепке алуунун маалыматтары саналат.
Ар башка пункттарда икраны топтоо учурунда, актыга, колдонулган өндүргүчтөрдүн санын жана топтолгон икранын санын белгилөө менен топтоо пунктунун ар бири боюнча өзүнчө чечмелөө тиркелет.
10) Балык чабактарын кое берүү жөнүндө акт.
Белгилүү бир мезгил ичинде балык чабактарды кое берүүнүң жыйынтыктарын тариздөө үчүн колдонулат. Акт комиссия тарабынани үч нускада түзүлөт.
11) Балык чабактарын кое берүүнү эсепке алуунун жыйынды ведомосту
Ар бир суу объектинен, цехтен балык чабактарын кое берүүнү эсепке алууну топтогон документи катары колонулат.
Ведомость, заводднун (балык чарбасынын) кое берүүгө жооптуу балык өстүрүүчүсү тарабынан кое берүү актысынын негизинде эки нускада түзүлөт.
Балыктын ар бир түрүнө (лосось, сига, чарбалык маанидеги балыктар) өзүнчө ведомость түзүлөт.
12) Балык чабагын (личинка, икра) ташып жеткирүү акты.
Балык заводунан (чарбасынан) башка субъекттерге жөнөтүлгөн балык чабактарын тариздөө үчүн колдонулат.
Балык чабагынын (икра же личинка) ар бир жөнөтүлгөн партиясына үч нускада акт толтурулат, анын ичинен биринчи нускасы жөнөтүлгөн партия менен бирге жөнөтүлөт, экинчиси – балык заводунда (чарбасында) калат, ал эми үчүнчүсү – балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берилет.
13) Балык тукумун көбөйтүүчү материалдарды камдоо (алуу) жөнүндө акт.
Балык тукумун көбөйтүүчү материалды камдоо (алуу) үчүн колдонулат. Балык тукумун көбөйтүүчү материалды камдаган балык заводунун (чарбасынын) өкүлү тарабынан түзүлөт.
Акт комиссия тарабынан үч нускада түзүлөт, анын ичинен: первый биринчи нускасы – балык тукумун көбөйтүүчү материалды алуучу жана чыгарып кетүүчү уюмдун өкүлүнө берилет, экинчиси – балык заводунда (чарбасында) калат, ал эми үчүнчүсү – балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берилет.
14) Икраны инкубацияга салуу боюнча акт
Икраны инкубацияга салууну тариздөө үчүн колдонулат.
Андан ары инкубациялоо максатында икраны инкубацияга салуунун жыйынтыгы боюнча комиссия тарабынан үч нускада түзүлөт.
15) Балык тукумун көбөйтүүчү материалды жөнөтүүгө акт
Балык тукумун көбөйтүүчү материалды башка субъекттерге жөнөтүүнү тариздөө үчүн колдонулат. Балык тукумун көбөйтүүчү материалды жөнөтүп жаткан балык чарбасынын өкүлү жана балык тукумун көбөйтүүчү материалды алып жаткан субъекттин өкүлү тарабынан толтурулат.
Акт комиссия тарабынан үч нускада түзүлөт, тараптардын ар бир үчүн бирден нускадан жана бир нускасы балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берилет.
16) Балык тукумун көбөйтүүчү материалды жеткирүү (көчүрүү) жөнүндө акт
Жеткирилип берилген (көчүрүлгөн) балык тукумун көбөйтүүчү материалды тариздөө үчүн колдонулат. Акт комиссия тарыбынан үч нускада түзүлөт.
17) Икраны инвентаризациялоо акты
Балык заводунда (чарбасында) өстүрүлүп жаткан балык икрасын инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча комиссия тарабынан үч нускада түзүлөт.
18) Балык чабактарын инвентаризациялоо акты
Балык заводунда (чарбасында) өстүрүлүп жаткан балык чабактарын инвентаризациялоонун жыйынтыктары боюнча комиссия тарабынан үч нускада түзүлөт.
9–15-пунктчаларда көрсөтүлгөн комиссиянын курамы балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет. Комиссиянын курамына балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, илимий мекемелердин, ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, балык өстүрүү заводунун өкүлдөрү, ошондой эле жасалма көбөйтүү боюнча божомол-тапшырмага кирген балык чарба субъекттеринин өкүлдөрү кирет.
19) Өнөр-жай балыктарынын өндүргүчтөрүн кармоону эсепке алуу журналы
Лосось, сига жана чарбалык маанидеги балыктарды кармоо учурунда колдонулат. Балык уулоо пункттарында, балыкты өнөр жайлык балык уулоо жайларында өндүрүштө балыкты кармоо, эсепке алуу жана кабыл алууну уюштурууга жооптуу жак тарабынан толтурулат.
20) Өндүргүч балыктарды кармап туруу жана инъецирлөөнү эсепке алуу журналы
Журналга жазуулар өндүргүчтөрдү кармап туруу жана инъецирлөө мезгилинде, аталган иштерди аткарууга жооптуу башкы балык өстүрүүчү тарабынан жүргүзүлөт. Жазуулардын мезгилдүүлүгү иштин жүрүшүнө жараша болот. Журналдын маалыматтары жылдык отчетту түзүүдө колдонулат.
21) Градусту– күндү эсепке алуу журналы
Икранын өнүгүү баскычын аныктоо үчүн балык заводунда колдонулат.
Журналга жазуулар күн сайын иш жүзүндөгү байкоо жүргүзүүнүн негизинде инкубациялык цехтин балык өстүрүүчүсү тарабынан жүргүзүлөт.
22) Балык чабагынын өсүү темпин эсепке алуу журналы
Ар кандай факторлорго (жайгаштыруу жыштыгы, температура, азыктандыруу ж.б.) жараша өстүрүлүп жаткан балык чабактарынын өсүү темпине талдоо жүргүзүү үчүн колдонулат.
Балык чабагын өстүрүү мезгилинде ишкананын (чарбанын) балык өстүрүүчүсү тарабынан толтурулат. Журналдын маалыматтары жылдык отчетто колдонулат.
23) Гидрометрологиялык шаттарды эсепке алуу журналы
Балык өстүрүү иштеринин мезгилинде гидрометрологиялык шарттарды эсепке алуу үчүн колдонулат. Балык өстүрүү заводунун балык өстүрүүчүсү тарабынан толтурулат.
24) Лосось балыктарын көбөйтүү боюнча балык заводунун ишинин натыйжалуулугун баалоо журналы
Журнал бир катар жылдар аралыгында жүргүзүлүп келген лосось балыктарын көбөйтүү боюнча балык заводунун ишинин натыйжалуулугун баалоо үчүн түзүлөт.
Журналга жазуулар балык чабактарын кое берүү актыларына жана уулоо маалыматтарына жараша жүргүзүлөт. Заводдун башкы балык өстүрүүчүсү тарабынан толтурулат.
Журналдын маалыматтары жылдык отчетту толтурууда колдонулат.
25) Дарылоо-профилактикалык иш-чаралар журналы
Балык чарбаларында өткөрүлүп турган даарылоо-профилактикалык иш-чараларды эсепке алуу жана алардын жыйынтыктарын талдоо үчүн колдонулат.
Журналга жазуулар өндүргүчтөрдү кармап туруу жана балык чабактарын өстүрүү мезгилинде, даарылоо-профилактикалык иш-чараларды өткөрүү мезгилире жараша балык өстүрүүчү тарабынан жүргүзүлөт.
26) Балык икрасын ташып жеткирүү актысына сапаттык күбөлүк
Балык икрасын ташып жеткирүү актысына тиркеме болуп саналат.
Икраны камдоо пункттарынан балык заводдоруна же балык субъекттеринин инубациялык цехтерине жөнөтүлүп жаткан икранын сапатын мүнөздөө үчүн колдонулат.
Жөнөтүлүп жаткан икранын ар бир партиясына, ар бир өзүнчө камдалган (топтолгон) партиясы боюнча үч нускада толтурулат, анын ичинен бир нускасы – жүктөлгөн жана жөнөтүлүп жанткан икранын партиясы менен кошо берилет, экинчи нускасы – икраны камдоого жооптуу уюмдун өкүлүндө калат, үчүнчү нускасы – икраны ташып жеткирүү актысы менен бирге балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берилет.
8-глава. Балык чарбасындагы бухгалтердик эсепке алуу
62. Учурда, айрым балык чарбалары өздөрү малекторду өстүрүү менен алектенишет, башкалары балык чабактарын балык питомниктеринен сатып алышат.
Ошого карабастан, биринчиси дагы (толук тутумдуу), экинчиси дагы (толук эмес тутумдуу) бухгалтерлик эсепке алууну жүргүзүшөт.
63. Толук тутумдуу эмес балык өстүрүүдө чыгымдар 20 эсебинде, “Балык өстүрүү” субэсебинде, технологиялык топторго бөлүштүрүлбөстөн, бир аналитикалык эсепте чагылдырылат.
64. Толук тутумдуу балык чарбаларында жыл аягына карата 20 эсеби, “Балык өстүрүү” субэсеби боюнча бүткөрүлбөгөн өндүрүш калат, ага кыштоо көлмөлөрүндөгү бир жайлыктардын (сиголеткалардын) наркы кирет. Ошондуктан, бардык чыгымдар бир жайлыктардын (сиголеткалардын) жана товардык балыктын наркына, же балыктын ар бир категориясына өзүнчө: өндүргүчтөргө, бир жайлыктарга (сеголеткаларга), бир жылдыктарга жана семирген балыктарга бөлүштүрүлөт.
65. Энелик көлмөлөрдө чоңойгон ургаач жана эркек балыктар багылат. Икра чачуу мезгилинде энелик үйүр урук чачуу көлмөлөрүнө көчүрүлөт, ал жеде чабактар пайда болгонго чейин кармалат. Көчүрүлгөн балыктардын саны көлмөнү бакытандыруу жөнүндө отчетто чагылдырылат. Азыктандыруу тууралуу маалыматтарды бухгалтер лимит-жыйноо картасына киргизет.
66. Урук чачылган көлмөлөрдөн чабактарды кармап алып, өстүрүү көлмөлөрүнө которушат. Мында, балыктын ар бир түрүнө урук чачуу көлмөсүнөн кармалгандар тууралуу отчет түзүлөт.
Ошол документтин негизинде бухгалтер эсепке алууда чабактардын пайда болушун жана алардын өстүрүү көлмөлөрүнө көчүрүлүшүн чагылдырат.
43 “Чабактар” субэсебинин дебети, 20 “Урук чачуу көлмөсү” субэсебинин кредити.
– урук чачуу көлмөсүнөн кармалган чабактар;
20 “Өстүрүү көлмөсү” субэсебинин дебети, 43 “Чабактар” субэсебинин кредити.
– чабактар өстүрүү көлмөлөрүнө жайгаштырылды.
67. Өстүрүү көлмөлөрүндө чабактар кыш түшкөнгө чейин кармалат, анан кийин бир жайлыктардыг (сеголеткалардын (курагы бир жаштан аша элек жаш балык) бир бөлүгү кыштоого жөнөтүлөт, ал эми экинчи бөлүгү энелик үйүрдү оңдоогот калтырылат.
68. Бир жайлыктарды (сеголеткаларды) кыштоо көлмөлөрүнө көчүрүүдө өстүрүү көлмөлөрүндө кармалгандар тууралуу отчет таризделет, ал эми бухалтердик эсепте төмөнкүлөр жазылат:
43 “Бир жайлыктар (сеголеткалар) ”субэсебинин дебети, 20 “Өстүрүү көлмөсү” ”субэсебинин кредити;
– өстүрүү көлмөсүнөн бир жайлыктар (сеголеткалар) кармалды.
20 “Кыштоо көлмөсү” субэсебинин дебети, 43 “Бир жайлыктар (сеголеткалар) ” субэсебинин кредити;
– бир жайлыктар (сеголеткалар) кыштоо көлмөсүнө жайгаштырылды.
69. Кыштоо алдында инвентаризация жүргүзүлөт жана бракталган балык саны аныкталат.
Инвентаризациянын жыйынтыктары өндүрүүчү жана оңдоо үйүрлөрүн күздүк инвентаризациялоонун жыйынтыгы тууралуу отчетто жана өндүргүчтү өстүрүүнү жана жайкы үйүрдү оңдоонун жыйынтыктары тууралуу отчетто чагылдырылат.
70. Кыштоодон кийин балык чабактары семиртүү көлмөлөрүнө көчүрүлөт, ал жерде алар экинчи жай мезгилине чейин өстүрүлөт, мында эсепке алууда төмөнкүлөр жазылат:
43 “Жылдыктар” субэсебинин дебети, 20 “Кыштоо көлмөсү” субэсебинин кредити;
– балык чабактары кыштоо көлмөсүнөн кармалды;
20 “Семиртүү көлмөсү” субэсебинин дебети, 20 “Жылдыктар” субэсебинин кредити;
– балык чабактары семиртүү көлмөсүнө жайгаштырылды.
71. Күзүндө балыктар кармалат, саналат жана алынган маалыматты милдеттүү түрдө семиртүү көлмөлөрүндө улоо отчетунда чагылдырылат.
72. Мындан тышкары, документке балыкты сатуу же аны кайра иштетүүгө берүү тууралуу маалыматтар киргизилет.
73. Товардык балыкты кириштөө төмөнкү жазуу менен таризделет:
43 “Товардык балык” субэсебинин дебети, 20 “Семиртүү көлмөсү” субэсебинин кредити;
– товардык балык алынды.
74. Эгерде өстүрүлгөн балык көлөмү боюнча товардыкка шайкеш келбесе, анда аны өстүрүү үчүн кармап турууга жөнөтүшөт, ал жерде балык зарыл болгон салмакка жетет, мындай балык жыл аягына бүткөрүлбөгөн өндүрүштү курамында калат.
75. Өстүрүлгөн балыктын өздүк наркы жыл аягында аныкталат.
76. Толук тутумдуу эмес балык өстүрүүдө ал балык чабагынын наркынан жана аларды өстүрүүгө кеткен чыгымдан түзүлөт, ал эми толук тутумдуу чарбаларда бухгалтерлер чабактардын, бир жайлыктардын (сеголеткалардын) жана товардык балыктын өздүк наркын өзүнчө эсептеп чыгуу менен алектенишет.
77. Мисалы, жыл ичинде энелик жана урук чачуучу көлмөлөрдө жыл ичинде болгон өндүргүчтөрдү күтүүгө кеткен чыгымдар чабактардын өздүк наркын түзөт, ал эми бир жайлыктардын (сеголеткалардын) өздүк наркы чабак наркынан жана аларды өстүрүүгө кеткен чыгымдардан түзүлөт.
78. Кыштоо көлмөлөрүнө жайгаштырылган бир жайлыктардын (сеголеткалардын) наркы, ошол көлмөдө кармаганга, ошондой эл көлмөлөрдү күтүүгө кеткен чыгымдар жылдыктардын (балык тукумун көбөйтүүчү материалдарынын) өздүк наркын түзөт.
79. Кыштоо көлмөлөрүндө кармалган жана жылдыктарды семиртүү көлмөлөрүнө көчүрүүдөн кийинки жүзөгө ашырылган чыгымдар товардкы балыкты өстүрүүгө таандык болот. Бул чыгымдар куруманы: жылдыктардын наркы, аларды кармап алууга жана сатып өткөрүүгө чейинки аларды өстүрүүгө кеткен чыгымдар кирет.
80. Толук тутумдуу чарбаларда жыл аягына карата бүткөрүлбөй калган өндүрүш калат. Аны, бүткөрүлбөгөн өндүрүшкө иш жүзүндөгү чыгымдардан же ченемдик (мерчемдик) өздүк наркынан улам баалайт.
81. Балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, көлмөлөрдөн алынган же мамлекеттик балык заводдорунда же балык чарбаларында алынган балыкты жана балык продукциясын эсепке алуунун жүргүзүлүшүнө мониторинг жана контролдукту жүзөгө ашырат.