Редакцияот 27.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

XXVIII чакырылыштын 6 (кезексиз) сессиясы

 

 

2021-жылдын 27 декабры № 45

Демилгөөчү топ түзүү жөнүндө

Гавриловка айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адис юрист А.А.Конокалиевдин Чүй облусун өнүктүрүү фондунун каражатынын эсебинен “Шалта айылындагы Д.Шопоков атындагы орто мектебин капиталдык оңдоо” долбоорун ишке ашыруу боюнча демилгөөчү топ түзүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чүй облусун өнүктүрүү фондунун каражатынын эсебинен “Шалта айылындагы Д.Шопоков атындагы орто мектебин капиталдык оңдоо” долбоорун ишке ашыруу боюнча демилгөөчү топтун курамы төмөнкү ылайык бекитилсин.

Демилгөөчү топтун жетекчиси:

·         Сатылганов Ж.Ж. – Д.Шопоков атындагы орто мектебинин директору;

·         Демилгөөчү топтун мүчөлөрү:

·         Касымбеков Т.Д. - Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты;

·         Жайлобаев Р.И. – Шалта айылынын айыл башчысы;

·         Сатылганова Г.Б.  - Шалта айылынын тургуну;

·         Борколдоев У.Ш. - Шалта айылынын тургуну;

2. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Становго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А.Т.Ибраимов