Редакцияот 10.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кеңештин кезектүү XIV сессиясы

 

2026-жылдын  10-февралы  №14/5

 

Автогрейдер техникасын сатып алуу долбоорун бекитүү жана акча каражат бөлүү жөнүндө

 

 

“Тенир-Тоо” өнүктүрүү фондунун эсебинен автогрейдер сатып алуу боюнча даярдалган долбоорду бекитүү жана долбоорго өздүк салым катары айыл аймактын бюджетинен акча каражат бөлүү тууралуу Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1.    “Тенир-Тоо” өнүктүрүү фондунун эсебинен бир даана Автогрейдер техникасын сатып алуу үчүн даярдалган, жалпы наркы 7 000 000 (жети миллион) сомду түзгɵн долбоор бекитилсин.

2.    “Тенир-Тоо” өнүктүрүү фондунун эсебинен бир даана Автогрейдер техникасын сатып алуу үчүн даярдалган, жалпы наркы 7 000 000  (жети миллион) сомду түзгɵн долбоорго айыл аймагынын бюджетинен өздүк салым катары 1 400 000 (бир миллион төрт жүз мин ) сом  бөлүнсүн.

3.    Тиешелүү мыйзамдардын негизинде акча каражатын которуп берүү жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

  

Төрага

Р. Жолдошбеков