ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
XXVIII чакырылыштын 6 (кезексиз) сессиясы
2021-жылдын 27 декабры № 43
Жергиликтүү бюджеттен каражаттарды аныктоо жөнүндө
Гавриловка айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Б.Карымшакова “Гавриловка айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетинин долбоорун даярдоодо жана бекитүүдө Чүй облусунун өнүктүрүү фондуна өздүк салымы менен долбоорлорду ишке ашырууга жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын аныктоо жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловка айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетинин долбоорун даярдоодо жана бекитүүдө “Жангарач айылындагы спорт комплексинин курулуш иштери бүтүрүү” долбоорго 700000 (жети жүз миң) сом жана “Шалта айылындагы .Шопоков атындагы орто мектебин капиталдык оңдоо” долбоорго 700000 (жети жүз миң) сом Чүй облусунун өнүктүрүү фондунун каражатынын эсебинен биргелешип каржылоого салым кошуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 1400000 (бир миллион төрт жүз миң) сом каралсын.
2. “Жангарач айылындагы спорт комплексинин курулуш иштери бүтүрүү” жана “Шалта айылындагы .Шопоков атындагы орто мектебин капиталдык оңдоо” долбоорлорду Чүй облусунун өнүктүрүү фондунун каражатынын эсебинен ишке ашырууда жергиликтүү бюджеттен 1400000 (бир миллион төрт жүз миң) сом белгиленген мөөнөттө кечиктирбестен каржыланышы керек.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Становго жүктөлсүн.
Төрага | А.Т.Ибраимов |