Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-февралы № 66
Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын калкынын маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы № 349 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пунктта ", спорт" деген сөздөр алып салынсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетин түзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 4-пункттун жетинчи жана сегизинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 8-пункттун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 9-пунктта ", конкурстук шарттарда киргизүүгө тийиштүү жеке менчик телекөрсөтүү жана радиоуюмдарын" деген сөздөр алып салынсын;
- 4-глава күчүн жоготту деп таанылсын;
- 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17. Телеканалдарды жана/же радиоканалдарды Социалдык пакеттин тизмесинен мөөнөтүнөн мурда чыгаруу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
- телекөрсөтүү жана радио-уюмдарынын берүү токтотулганга чейин кеминде 30 күн мурда ыйгарым укуктуу органга берген арызы боюнча;
- негиздүү себептерин көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу органдын жүйөлүү сунушу боюнча.";
- 18-пунктта "телекөрсөтүү жана радио-уюмдары тарабынан арыз берилген же конкурстук милдеттенмелер аткарылбаган фактылар аныкталган күндөн тартып бир айдын ичинде" деген сөздөр алып салынсын;
- 19-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик ободо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 2-пункт "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги" деген сөздөрдөн кийин "маалымат чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча" деген сөздөр менен толукталсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 407 "Ош ТВ" телерадиокомпаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомунун 100% мамлекеттин үлүшүн Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 451 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 111 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик ободо берүүсүнүн телеканалдарынын социалдык пакетин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |