Редакцияот 10.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кеңештин кезектүү XIV сессиясы

 

2026-жылдын  10-февралы  №14/6 

 

Жүк ташуучу Тонар техникасын алуу долбоорун бекитүү жана акча каражат бөлүү жөнүндө

 

 

“Тенир-Тоо” өнүктүрүү фондунун эсебинен бир даана жүк ташуучу Тонар техникасын алуу боюнча даярдалган долбоорду бекитүү жана долбоорго өздүк салым катары айыл аймактын бюджетинен акча каражат бөлүү тууралуу Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1.    Ормон-Хан айыл өкмөтүнө бир даана жүк ташуучу Тонар техникасын сатып алуу үчүн даярдалган, жалпы наркы 8 000 000 (сегиз миллион) сомду түзгɵн долбоор бекитилсин.

2.    “Тенир-Тоо” өнүктүрүү фондунун эсебинен бир даана жүк ташуучу Тонар техникасын сатып алуу үчүн даярдалган, жалпы наркы 8 000 000 (сегиз миллион) сомду түзгɵн долбоорго айыл аймагынын бюджетинен өздүк салым катары 1 600 000 (бир миллион алты жүз миң) сом  бөлүнсүн.

3.    Тиешелүү мыйзамдардын негизинде акча каражатын которуп берүү жагы Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

  

  

Төрага

Р. Жолдошбеков