Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2021-жылдын 27 декабры № 41
Акча каражат бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрллер Кабинетинин 2021-жылдын 22-октябрындагы № 228 “Кыргыз Республикасында 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана жүргүзүү жөнүндө” токтомунун негизинде жана Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 10-декабрындагы №14 “Кыргыз Республикасында 2022-жылы калкты жана турак жай фондун каттоону даярдоого жана өткөрүүгө акча каражаттарды бөлүү жөнүндө” токтомунун негизинде, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында 2022-жылы калкты жана турак жай фондун каттоону даярдоого жана өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен 70,0 миң сом өлчөмүндө акча каражат бөүнсүн.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Становго жүктөлсүн.
Төрага | А.Т.Ибраимов |