Редакцияот 10.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кеңештин кезектүү XIV сессиясы

 

2026-жылдын  10-февралы  №14/7 

 

23.12.2025-жылдагы  “Көк-Жар айылынын обьектилерине өздүк салым катары акча каражат бөлүү жөнүндө” №13/10  Токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

 

Ормон-Хан айылдык Кенешинин  23.12.2025-жылдагы  “Көк-Жар айылынын обьектилерине өздүк салым катары акча каражат бөлүү жөнүндө» №13/10 Токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү  боюнча Ормон-Хан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын маалыматтын угуп, талкуулап,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1.    Кенештин 23.12.2025-жылдагы  “Көк-Жар айылынын обьектилерине өздүк салым катары акча каражат бөлүү жөнүндө»  №13/10  Токтомуна  төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

1.«Көк-Жар айылындагы көчөлөрдү күн аркылуу жарыктандыруу орнотуу жана Т.Усубалиев атындагы орто мектептин тегерегин жанылап тосуу жана алдына брусчатка төшөө боюнча Теңир-Тоо Өнүктүрүү фондуна даярдалган жалпы наркы 9 961 912 миң сомдук долбоор бекитилсин”

 

2.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

 

  Төрага

Р. Жолдошбеков