Редакцияот 17.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

 

Таш-Мойнок айылдык кеңешинин 29 чакырылышынын кезектеги отуруму

 

 

2025-жылдын 17-июнундагы № 47

 

Башкы планды бекитүү туралуу

Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 24-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34 беренесине ылайык, Таш-Мойнок айылдык кеңешинин агрардык комиссиясынын корутундусунун жана Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Куванчбековдун кайрылуусунун негизинде, Таш-Мойнок айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай – коммуналдык чарба министрлигине караштуу шаар куруу жана архитектура депутартаменти иштеп чыккан Таш-Мойнок айыл аймагынын Беш-Күнгөй, Горная-Маевка, Кой-Таш, Прохладное, Кызыл-Бирдик айылдарынын башкы планы бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.

 

 

Төрага

 

С. Ташматов