Редакцияот 27.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

XXVIII чакырылыштын 6 (кезексиз) сессиясы

 

 

2021-жылдын 27 декабры № 40

Таштанды чыгаруу үчүн акы жыйноону ишке киргизүү жана белгилөө жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө» Кодексинин 74, 75-статьяларын жана 76-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүн жетекчиликке алуу менен, жана Гавриловка айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адис В.А.Мамбеталиеванын таштанды чыгаруу үчүн акы жыйноону ишке киргизүү жана белгилөө жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Гавриловка айыл аймагында таштанды чыгаруу үчүн акы жыйноо ишке киргизилсин.

2. Ар бир катталган кызматкерге жылына 100 сом өлчөмүндө таштанды чыгаруу үчүн төлөм ставкасын белгиленсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Становго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А.Т.Ибраимов