ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
XXVIII чакырылыштын 6 (кезексиз) сессиясы
2021-жылдын 27 декабры № 39
Гавриловка айылдык аймагынын калктуу конуштарында К3 зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин “Кз зоналык коэффициентинин мааниси жергиликтүү кеңештер тарабынан экономикалык-пландалуучу зоналардын өзгөчөлүктөрүнө жараша, өтүп жаткан жылдын 1-октябрынан кечиктирилбеген мөөнөттө 3 жылда бир жолу калктуу конуштарда - 0,3төн 1,2ге чейинки өлчөмдө белгиленет” жөнүндөгү 14 бөлүмүнүн 339 беренесинин 4 пунктуна ылайык, ошондой эле Гавриловка айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адис В.А.Мамбеталиеванын Гавриловка айылдык аймагынын калктуу конуштарында К3 зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловка айылдык аймагынын калктуу конуштарында К3 зоналык коэффициенти төмөнкү иретте бекитилсин:
· Гавриловка айылдык аймагында Кз коэффициенти 1,2 өлчөмүндө.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн салыктарды администрациялоо Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Становго жүктөлсүн.
Төрага | А.Т.Ибраимов |