ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
XXVIII чакырылыштын 6 (кезексиз) сессиясы
2021-жылдын 27 декабры № 38
Гавриловка айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен «Шалта айылындагы клубдун имаратын капиталдык оңдоо» жана «Жаңгарач айылындагы орто мектептин имаратын капиталдык оңдоо» долбоорлорун дем берүүчү (үлүш) гранттын каражатынын эсебинен биргелешип каржылоого каражаттарды аныктоо жөнүндө
“Шалта айылындагы клубдун имаратын капиталдык оңдоо” жана “Жаңгарач айылындагы орто мектептин имаратын капиталдык оңдоо” долбоорлорун дем берүүчү (үлүш) гранттын каражатынын эсебинен биргелешип каржылоо Гавриловка айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетинин долбоорун даярдоодо жана бекитүүдө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловка айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетинин долбоорун даярдоодо жана бекитүүдө “Шалта айылындагы клубдун имаратын капиталдык оңдоо” долбоорго 700000 (жети жүз миң) сом жана “Жаңгарач айылындагы орто мектептин имаратын капиталдык оңдоо” долбоорго 700000 (жети жүз миң) сом дем берүүчү (үлүш) гранттын каражатынын эсебинен биргелешип каржылоого салым кошуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 1400000 (бир миллион төрт жүз миң) сом каралсын
2. “Шалта айылындагы клубдун имаратын капиталдык оңдоо” жана “Жаңгарач айылындагы орто мектептин имаратын капиталдык оңдоо” долбоорлорду дем берүүчү (үлүш) гранттын каражатынын эсебинен ишке ашырууда жергиликтүү бюджеттен 1400000 (бир миллион төрт жүз миң) сом белгиленген мөөнөттө кечиктирбестен каржыланышы керек.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Становго жүктөлсүн.
Төрага | А.Т.Ибраимов |