Редакцияот 10.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кеңештин кезектүү XIV сессиясы

 

2026-жылдын  10-февралы  №14/9 

 

Таксилерди автовокзалга киргизүү жөнүндө

 

 

 

Кочкор айылынынан Нарын, Жумгал, Балыкчы, Бишкек багыты боюнча кызмат көрсөткөн таксилерди Кочкор айылынын автобекетине киргизүү боюнча “Кочкор-Багыты-Автобекети» муниципалдык ишкананын директорунун маалыматтын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1.    Кочкор айылынынан Нарын шаарына, Балыкчы шаарына, Бишкек шаарына жана Жумгал районуна жүргүнчүлөрдү таашып каттаган жеке таксилерге түшүндүрүү иштерди жүргүзүп,  Кочкор айылынын автобекетинин аймагына киргизүү боюнча иш алып баруу жагы “Кочкор-Багыты-Автобекети» муниципалдык ишканага жүктөлсүн.  

2.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

 

 

  Төрага

Р. Жолдошбеков