Редакцияот 29.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

 

 

2025-жылдын 29-августу   № 9/4

 

 

Кум-Дөбө айыл аймагындагы мектептерге генаратор алуу жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү  мамлекеттик администрация  жана  жергиликтүү өз  алдынча  башкаруу органдары  жөнүндөгү»  мыйзамынын 34 жана 39-беренесинин негизинде, Кум-Дөбө айыл  аймагынын  айыл өкмөтүнүн   башчысы М.Исраиловдун Кочкор өнүктүрүү фонддунун эсебинен  долбоорлорго өздүк салым каражатын бөлүп берүү сунушун угуп жана талкуулап, Кум-Дөбө айыл аймагынын  айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

 

1.          Өздүк салым үчүн  50 000 (элүү миң ) сом  2025-жылдын бюджетинин эсебинен которулуп берилсин.

 

2. Өздүк салым үчүн акча каражатын которуп берүү жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн бухгалтери Б.Тажиевге  милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы КумДөбө айылдык Кеңешинин бюджет, экономика-финансы жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

 

Төрага

К.Ыбышов