Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 6-февралы № 3/2
Кара-Суу шаарынын 2025-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексин жетекчиликке алып Кара-Суу шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара - Суу шаарынын 2024-жылга бюджетинин кирешеси 384584,0 миң сомго бекитилген, аткарылганы 365 841,9 миң сом.
2. Кара-Суу шаарынын 2025-жылга бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 590 000,0 миң сом суммасында бекитилсин.
3. Кара - Суу шаарынын 2025-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү тиркемелерде көрсөтүлгөн булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлө тургандыгы аныкталсын.
4. 2025-жылга карата чыгашаларды каржылоодо биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча (айлык акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна төлөмдөр, тамактандыруу, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпул) чыгашаларды каржылоо жүргүзүлөт.
1) Чыгашалардын корголгон статьялары бюджеттик мекемелердин штаттык санындагы бош кызмат орундарына жана ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга байланыштуу азайтылышы мүмкүн;
2) Бюджеттик каражаттардын чыгымдалышы жана чыгашалардын статьяларынын максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик шаар мэрине, бюджеттик мекемелердин жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерине жүктөлөт.
5. Ар кандай салыктар жана жыйымдар, жерди жана мүлктү ижаралоо үчүн төлөмдөр, түшкөн салыктык жана салыктык эмес түшүүлөр - 100% шаардык бюджетте калат. Шаар мэриясына жана бюджеттик мекеме жетекчилерине атайын каражаттарды казыналык системадан сырткары пайдалануусуна тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулган учурда атайын каражаттардын 100 пайызы шаардык бюджеттин кирешесине алынып коюулары эскертилсин.
6. Тармактар боюнча чыгымдар төмөнкүдөй бекитилсин:
1) Башкаруу тармагынын чыгымдары 36277,1 миң сом, анын ичинде:
- шаардык кеңештин эмгек акы 2057,0 миң сом, соцфондко чегерүүлөр 250,2 миң сом, сапар чыгымдары 350,0 миң сом.
- шаар мэриясынын эмгек акы 16643,1 миң сом, соцфондко чегерүүлөр 2304,0 миң сом, резерв фонду 5896,0 миң сом, сапар чыгымдары 750,0 миң сом.
2) Шаардын муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин чыгымдары 296 730,1 миң сом, анын ичинен эмгек акы (1-тиркемеге ылайык) 9591,5 миң сом, соцфондко чегерүүлөр 1496,6 миң сом, жашылдандыруу жана формовкага 2000,0 миң, ар түрдүү чыгымдар 19 765,0 миң сом, башка чыгымдарга 5950,0 миң сом департаменттин имараттар жана курулуштар беренесине каралган 257 926 926 мин сом акча каражаты төмөндөгү иштерге каржылансын. Имараттар жана курулуштар беренесине каралган 257 926 926 сом акча каражаты төмөндөгү иштерге каржылансын:
Ж.Бөкөнбаев багына күрөшкана, бассейн, көк залды оңдоп түзөө 37 000 000
Шагыл, цемент сатып алуу 2 000 000
Нурахунов көчөсүнө тротуар латок 8 000 000
Ак-Өргө №4-көчөгө асфальт төшөө 5 437 598
Савай көчөсүн асфальттоо 5 132 087
Арашан кичи шаарчасына аллея курууга 3 000 000
Культурная көчөсүндөгү асфальтты капиталдык оңдоого 8 047 517
А.Хакимов, Чотонов, Салиева көчөлөрүнүн асфальттын жыртыктарын жамоого 1 500 000
Саттаров көчөсү асфальт, лоток, тротуар, 10 456 359
Аматов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн алдына стяжка куюу 876 140
Газпром футболдук кичи аянтын оңдоп түзөө 1 679 356
Ж.Аматов көчөсүн асфальттоо, лоток, тротуар жарыктандыруу 20 000 000
Тельман Ж.Маккамбаев көчөсүн асфальтын капиталдык ондоо 8 896 154
Юбилейный кичи шаарчасына№12,14 көп кабаттуу үйлөрдүн алдына аллея курууга 2 700 000
Боронбаев көчөсүн асфальттоо 3 188221
Беккари чуңкурун казуу иштерине 3 500 000
Тельман №12 көчөсүн асфальттоо 6 273 100
Ак-Өргө айылына бала бакча курууга 15 000 000
Айыков көчөсүнө балдар аянтчасына куруу, көрктөндүрүү 2 200 461
Присавай №131 мектепке ашкана куруу 597 496
Рахманалиев мектебине суу кампа, септик куруу 483 303
Калмурзаев мектебине суу кампа куруу 323 918
Кенеш көчөсүн асфальттоого 1 613 148
Ж.Аматов көчөсүнө лоток орнотуу 478 153
ЛЭД (LED) экранды сатып алууга 1 000 000
Шархансай темир тосмо менен тосуу 566 532
Бакиев көчөсүн асфальттоо 3 241 298
Бакиев көчөсүн лоток орнотуу 2 800 000
Бакиев көчөсүнө балдар аянтчасын куруу 1 133 519
Конурат айылындагы Арыкбаев, Аданбаев, Квартальный көчөлөрүн асфальттоого 12 000 000
Коңурат айылына 37 даана столба орнотуу 1 022 734
Коңурат Калмурзаев мектебине темир навес куруу 240 000
Абдрахманов көчөсүн асфальттоо, 2 662 698
Конурат айылындагы суу резервуар үчүн КТП 160 КВА 800 000
Присавай айылына суу резервуар үчүн КТП 160 КВА 800 000 Баймуратов көчөсүн асфальттоо 9 958 819
Тельман кичи футбол аянтчасынын үстүн жабуу 3 035 626
Присавай, Эркин, Конурат, Тельман канал арыктарды тазалоо 1 500 000
Киров Абдуллаев көчөсүн асфальттоо 3 679 662
Бакыт-Нуру бала бакчасынын жайкы ашканасын куруу 1017482
Эркин участкасынын сугат суу үчүн насос 9 594724
Эркин участка Манас көчөсүн асфальттоо 8 000 000
Эркин участкасы Абдразаков көчөсүн асфальттоо 9 350 000
Миялы айылынын сел өткөрүүчү каналын тазалоо, таза суу кампаларын жаңылоого 2 000 000
Эркин участкасына 60 даана столба сатып алуу 570 000
Ак-Өргө №15 көчөсүнүн асфальттоого 5 000 000
Нурахунов, Султан-Абад участкасы 8 000 000
Жалал-Абад көчөсүнө лоток орнотуу 1 000 000
Советский көчөсүн асфальттоо 2 000 000
Центральный көчөсүн асфальттоо 2 177 974
Долон-Чек көчөсүн асфальттоо 2 500 000
Тельман Ө.Саипов көчөсүнө асфальтоого 3 671 000
Ак-Өргө айылына №14 көчөгө жолду тегиздөө, агын суу өтүүчү арыгын бетондоого 500 000
Присавай айылына суу тартууга 6 200 000
Гагарин, Терешкова көчөлөрүн асфальттоого 1 000 000
3) Коммуналдык тейлөөнүн чыгымдары 58 884,2 миң сом, анын ичинен 16 кварталдык комитеттердин төрагаларынын, аксакалдар соту, аксакалдар кеңешинин эмгек акы 1080,0 миң сом, соцфондко чегерүүлөр 186,3 миң сом, аксакалдар кеңешинин жана аксакалдар сотунун төрагаларына материалдык жардам 30,0 миң сом, “Кара-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасына: катуу жана суюк таштанды алып чыгууну уюштурууга – 12 000,0 миң сом субсидия, техникаларын оңдоого 1000,0 миң, асенизатор 300,0 миң, кредитордук карызы үчүн 370,0 миң Кара-Суу Тазалык ижара акы – 800,0 миң сом, кредиттин пайыздык төлөмдөрүн төлөөгө 5000,0 миң сом, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү көмүр менен камсыздоого 500,0 миң сом, башкы планды даярдоого топосьемкага 10 000,0 миң сом, суу төлөмдөрү ФАПтар 3191,0 миң сом, Кара-Суу Таза-Суу МИ муниципалдык мекемелерди таза суу менен камсыздоого 7000,0 миң, Кара-Суу Таза-Суу МИ билдирүүлөрдүн негизинде суу үчүн 6300,0 миң субсидия, сибир жарасынын чордондорун залалсыздандырууга 50,0 миң сом, СЭС көп кабаттуу үйлөрдү дезинфекциялоо 100,0 миң, Орозбаев көчөсүнө дем берүүчү грантка өздүк салым 3982,1 миң сом, техникалык көзөмөлгө 541,0 миң сом, агрардык чарба жүргүзүү ишканасына колдоо максатында 1000,0 миң сом, кеңсе буюмдарын жана товарларды сатып алууга жана төлөмдөр 2740,0 миң сом, участкалык инспекторлордун техникалык базасын чыңдоого 500,0миң, Присавай айылындагы жерди трансформациялоого 1800,0 миң, Өзбекстандан өтүүчү жерди өздөштүрүүгө 200,0 миң сом.
4) Маданият тармагына 2000,0 миң сом.
5) Кара-Суу шаарынын дене-тарбия жана спорт бөлүмү МИ чыгашалары 13805,1 миң сом, анын ичинен эмгек акы (2- тиркемеге ылайык) 2840,3 миң сом, соцфондко чегерүүлөр 374,0 миң сом, спорт оюндарын уюштурууга 200,0 миң сом, спорт оюндарынын сапар чыгымдарына 6245,8 миң жабдуу жана материалдарды сатып алууга -2000,0 миң сом.
6) Мектепке чейинки мекемелеринин чыгымдары 23101,0 миң сом, анын ичинен, ижара акысы 2 280,0 миң, көмүр сатып алууга 3000,0 миң, электр энергиясы үчүн 900,0 миң, СЭС кызматына дезинфекциялоо 240,0 миң
1. Мөлтүр-Булак б.б. 800 000
2. Мээрим б.б 800 000
3. Айданек б.б 800 000
4. Айданек филиалы 4 741 000
5. Берекем 600 000
6. Байзак 600 000
7. Бакыт-Нуру 800 000
8. Ак-Дил 600 000
9. Нурданек 800 000
10. Бал-Береке (Коңурат айылы) 700 000
11. Баластан-Нуру 800 000
12. Келечек 700 000
13. Тельман комплекси 3 940 000
7) Билим берүү мекемелеринин чыгымдары 13490,7 миң сом, анын ичинен №131 негизги мектебине 250 миң, Х.Турсунов 450,0 мин, №134 мектепке 650,0 миң, Рахманалиев мектебине 1000,0 миң, Манас мектебине 50,0 миң, С.Маматов мектебине 513,7 миң сом, мектептердин камераларын оңдоого 1000,0 миң, парта столдорду сатып алууга 1000,0 миң, мектептерге олимпиадага катышуучуларга 300,0 миң, көмүр сатып алуу 3530,0 дем берүүчү грантка өздүк салым 4487,0 миң сом, СЭС кызматына дезинфекциялоо 260,0 миң.
8) Социалдык коргоо тармагы 7 500,0 миң сом, анын ичинен өзгөчө кырдаалга 590,0 миң, аз камсыз болгондордун таза суу үчүн төлөмдөрүнө 600,0 миң .
9) Маданият үйү 2245,7 миң анын ичинен эмгек акы 1096,4 миң сом, соц.фонд 149,3 миң сом.
10) Балдар үйүнүн тамак ашына 883,3 миң сом.
11) Китепкананын чыгымдары 726,8 миң жалпы чыгымдары анын ичинен 587,6 миң эмгек акы 89,2 миң сом соц.фондго чегерүүлөр.
12) Агрардык чарба жүргүзүү ишканасынын эмгек акысы 954,8 миң сом соц.фонд 109,6 миң, коммуналдык чыгымдары 50,0 миң.
13) Кара-Суу шаар мэриясынын алдындагы ММБД 2024-жылдагы 39 120 018 сом өлчөмүндөгү кредитордук карызын шаар мэриясынын 7121,2 сом кредитордук карызы 2025-жылдын бюджетинен эсебинен ажыратылып берилсин.
7. “Кара-Суу 11.90” муниципалдык ишканасына 2024-жылдын калдык акча каражатынын эсебинен 300,0 миң сом мүчөлүк акы төлөнүп берилсин.
8. Ушул токтомдун 6-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралып берилген имараттар жана курулуштар беренисиндеги аткарылуучу иштердин кезеги менен аткарылышы камсыз кылынсын.
9. Кара-Суу шаар мэриясынын алдындагы Кара-Суу тазалык МИ 2 штаттык бирдик, Агрардык чарба жүргүзүү МИ 2 штаттык бирдик кыскартылып, Маданият үйүнө 1 штаттык бирдик кошуу менен бекитилсин.
10. Алты айдын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн жана кошумча кирешени кароодо каражат биринчи кезекте С.Маматов о.м спорт залына, Тельман мектебине жана Манас мектебине дааратканасынын, Тельман айылынын №13 көчөсүнө жана Тельман айылынын Бесанур маркетинен баштап 400 метр аралыкка асфальттоого смета жасоо менен сунуштоого, Ак-дил 3 сааттык балдар бакчасына беседка курууга каралсын.
11. Кара - Суу шаар мэриясы 2025–жыл ичинде жергиликтүү бюджетти аткарууда төмөндөгүлөрдү киргизүүгө укуктуу:
- эгерде бул шаардын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул токтомдо бекитилген суммалардын чектеринде ушул токтомдун тиркемесин өзгөртүүлөргө;
- керектүү учурларда бюджеттин чыгашалар бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу акча каражатын шаардык кенеште каралганга чейин шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу менен иштетүүгө;
- кирешелердин болжолдонгон кирешелеринин ашыкча түшүүлөрүнүн эсебинен шаардын жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүн көбөйтүүнү карап чыгууга;
- тиешелүү органдар тарабынан кабыл алган ченемдик актыларды кабыл алуудан келип чыгуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджети менен
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин өз ара эсептешүүлөрүнө тактоолорду киргизүүгө;
- бекитилген планга тактоонун негизинде өзгөртүү киргизүүгө.
12. Ушул токтом 2025-жылдын 1-январынан колдонууга киргизилсин, бул токтомдун аткарылышы шаардын мэриясына, көзөмөлдөө шаардык кеңештин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Т.Полотов |
| Кара-Cуу шаардык кеңешинин 2025-жылдын 6-февралындагы III сессиясынын 3/2 токтомуна 1 тиркеме
|
Кара-Суу шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин штаттык саны жана эмгек акыларынын өлчөмү
№ | Кызматтардын аталышы | Штаттын саны | Эмгек акы өлчөмү |
1 | Директор | 1 | 25661 |
2 | Башкы адис | 1 | 26949 |
3 | Жетектөөчү адис | 2 | 26717 |
4 | Адис | 3 | 21298 |
5 | Чарба башчысы | 1 | 17324 |
6 | Электрик | 3 | 15434 |
7 | Айдоочу | 2 | 14960 |
8 | Күзөтчү | 3 | 11107 |
9 | Тазалоочу | 2 | 8800 |
10 | Багбан | 2 | 8800 |
11 | жумушчулар | 14 | 8800 |
| Баардыгы | 34 |
|
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы ПЖ №266 Жарлыгынын негизинде жетекчинин эмгек акысы мэриянын бөлүм башчысынын эмгек акысы менен теңештирилип, башкы адиске –башкы адистин, жетектөөчү адиске-жетектөөчү адистин, адиске –адистин эмгек акысы төлөнөт. Эмгек акысына иштеген жылдарына жараша үстөк пайыз төлөө, жумушка жөндөмдүүлүгү үчүн 10%, он үчүнчү эмгек акы төлөнүп берилет. Кичи тейлөөчү персоналдар менен техникалык тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” №433 токтомунун негизинде төлөнүп берилет.
Кара-Суу шаардык кеңешинин
жооптуу катчысы Ж.Акылбек кызы
| Кара-Cуу шаардык кеңешинин 2025-жылдын 6-февралындагы III сессиясынын №3/2 токтомуна 2 тиркеме
|
Кара-Суу шаарындагы дене тарбия, спорт бөлүмү муниципалдык ишканасынын штаттык саны жана эмгек акыларынын өлчөмү
№ | Кызматтардын аталышы | Штаттын саны | Эмгек акы өлчөмү |
1 | Директор | 1 | 29568 |
2 | Бухгалтер | 1 | 25898 |
3 | Адис | 1 | 18480 |
4 | Күзөтчү | 1 | 10561 |
5 | Тазалоочу | 1 | 8800 |
6 | Жумушчу | 1 | 8800 |
7 | Күзөтчү | 1 | 10561 |
8 | Тазалоочу | 1 | 8800 |
| Баардыгы | 8 |
|
Эскертүү: Муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин эмгек акы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы “Маданият, искусство, маалымат жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” №185 токтомунун негизинде төлөнүп берилет.
Кара-Суу шаардык кеңешинин
жооптуу катчысы Ж.Акылбек кызы