Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 6-февралы № 3/3
“Шаардын аймагындагы мамлекеттин фондунун жерлерин ижарага берүүдө баштапкы баасын бекитүү жөнүндө”
Кара-Суу шаар мэриясынын 2025-жылдын 21-январындагы №01-13/103 сандуу чыгыш катын жана Кара-Суу шаардык кеңешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 21-январындагы отурумунун №1 протоколдук чечимин карап чыгып жана талкуулап шаардык кеңеш токтом кылат:
1. Кара-Суу шаарынын аймагындагы Мамлекеттик фондунун жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүүдө баштапкы баасы төмөндөгүдөй бекитилсин:
1) Суулуу жерге 1га- 7000 сом
2) Кайракы жерге 1га-700 сом
3) Бактарга 1га- 5000 сом
4) Чөп чабынды кайракы жерге 1га-500 сом.
2. Бул токтомду мыйзам чегинде аткаруу шаар мэриясына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Т.Полотов |