Редакцияот 08.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы

 

 

2025-жылдын 8-декабрь № 11/1

 

 

Кум-Дөбө айыл аймагындагы Кум-Дөбө айылында жайгашкан 35/10 кВ көмөк чордонуна ат коюу боюнча жыйындын протоколун бекитүү жөнүндө

 

            Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №123-Мыйзамынын 34-беренесин ылайык, Депутаттардын VIII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кочкор райондук электр тармактар ишканасынын жалпы жамаатынын чогулушунун 27-сентябрь 2025-жылдагы №7 протоколу менен таанышып жана талкуулап, Кум-Дөбө айыл аймагынын  айылдык Кеңеши токтом  кылат:                                                     

 

1.Кум-Дөбө айылында жайгашкан 35/10 кВ көмөк чордонуна Шаршенбаев Жаныбектин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.

2.Ушул токтомдун аткарылышын контролдоМандат,депутаттык иш. Этика. Мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо,адамдардын укуктарын коргоо боюнча  туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.  

 

 

 

 

 

Төрага

К.Ыбышов