Загрузка документа…
|
| Тиркеме 4 |
|
| (Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 05/2-17/39 буйругуна) |
Илимий жана контролдук максаттарда
балык уулоонун тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип балык уулоонун бир турү болгон илимий максаттарда – илимий-ихтиологиялык жана балык чарбалык изилдөөлөрдү, жана Кыргыз Республикасынын балык чарба суу объектилеринде жана балык уулоо участокторунда контролдук балык уулоону уюштуруу жана жүргүзүү эрежелерин белгилейт.
2. Контролдук балык уулоону уюштуруу жана жүргүзүүнүн негизги максаты болуп суу объектилеринде балык запастарынын мамлекеттик мониторинги саналат. Негизги милдеттер төмөнкүлөр: балык запастарынын абалын жана алардын жашоо чөйрөсүн изилдөө жана мониторинг жүргүзүү, жалпысынан жол берилген балык уулоолорду аныктоо, өнөр жайлык балык уулоого лимиттерди (квоталарды) иштеп чыгуу саналат.
3. Суу объектилеринин суу биологиялык ресурстарын балык чарбалык изилдөө боюнча ихтиологиялык жана илимий иштерди жүргүзүү балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген ихтиологиялык иштердин жылдык пландарынын, ошондой эле илимий уюм тарабынан бекитилген илимий-тематикалык пландардын негизинде жүзөгө ашырылат.
4. Бул Тартипте төмөнкү негизги түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
1) биологиялык суу ресурстары (БСР) – табигый жана жасалма суу оъбектилеринде эркин абалда жашаган балыктар, суу омурткасыздары жана башка суу жаныбарлары жана өсүмдүктөр.
2) ихтиологиялык мониторинг – бул балык чарба суу объектилеринин ихтиофаунасынын абалын баалоо, талдоо жана болжолдоо, байкоо системасы.
3) ихтиомасса – суу объектисиндеги балыктардын жалпы массасы.
4) квота – түрлөр жана балык чарба суу объектилери боюнча белгилүү мөөнөттө балык запастарынын туруктуу кайра өндүрүлүп чыгарылышын камсыз кылган балык уулоо объектилеринин балык уулоо лимитинин бир бөлүгү.
5) контролдук балык уулоо – балык жана башка суу биологиялык ресурстарынын популяциясынын сандык жана сапаттык курамын аныктоого мүмкүндүк берген материалдарды топтоо ыкмасы.
6) лимит – бул балык запастарынын туруктуу жашоосун жана өндүрүлүп чыгарылышын камсыз кылган, балык уулоо үчүн белгиленген мөөнөттөрдө түрлөрү жана балык чарба суу объектилери боюнча балык уулоо объекттерин кармоонун (уулоонун) жалпы жол берилген көлөмдөрү;
7) суу биоресурстарынын жалпы жол берилген кармоо – балык чарба суу объектилеринде же балык уулоо участокторунда суу биоресурстарынын конкреттүү түрлөрүн бир жылда кармап алуунун (уулоонун) илимий негизделген чоңдугу;
8) популяция – өз алдынча көбөйүүгө жөндөмдүү, ар түрдүү жаштагы, салмактагы жана жыныстагы бир түргө тиешелүү белгилүү аймакта жашаган жана көбөйүү, азыктануу жана кыштоо жерлерине байланышкан особдордун тобу;
9) өнөр жайлык запас – өнөр жайлык жашка же өнөр жайлык чарага жеткен особдордон турган балыктардын жалпы запасынын же бир түрүнүн бөлүгүнүн бөлүгү;
10) өнөр жайлык балык уулоо – балык уулоочу кемелерди жана өнөр жайлык тор шаймандарын колдонуу менен балык уулоо объектилеринде өнөр жайлык балыктардын түрлөрүн кармоо боюнча ишмердик;
11) тор орнотуу – ар кандай жолдор менен балык кармоо үчүн торлорду орнотуу процесси;
12) табигый өлүмдөрдү эскепке алуу – балык уулоого байланыштуу болбогон себептерден балык запастарында (оорулар, азык-түлүк атаандаштыгы, карылык, айлана-чөйрөнүн булгануусу ж.б.) балык жоготууларын талдоо.
13) эпизоотия – адатта суу объектисинде, бир же бир нече дарыя системаларынын бассейниндеги бир нече суу обектилериндеги балыктарда катталган, ооруга чалдыгуу деңгээлинен кыйла жогору болгон балыктын бир же бир нече түрлөрүнүн арасындагы инфекциянын кеңири жайылышы.
2-глава. Илимий-ихтиологиялык иштерди жана
контролдук балык уулоону жүргүзүү тартиби
5. Илимий максатта балык уулоо жана контролдук балык уулоо төмөнкүлөр тарабынан жүргүзүлөт:
– балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган балык кармоонун мөөнөттөрүн жана ордун көрсөтүү менен, илимий програмалардын негизинде илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн илимий уюмдун кызматкерлери тарабынан;
– балык запастарынын абалына мониторинг жүргүзүү, эсепке алуу жана баалоо, эпизоотиялык абалга, ихтиологиялык иштердин планынын жана контролдук балык уулоо графигинин негизинде жасалма өндүрүп чыгаруунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү максатында балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ихтиолог-адистери тарабынан;
6. Балык чарбалык изилдөө суу обьектилерин жана суу биологиялык ресурстарынын түрдүк курамын комплекстүү изилдөөнү, алардын бөлүштүрүү өзгөчөлүктөрүн, популяциялардын биологиялык жана сандык мүнөздөмөлөрүн, ошондой эле алардын жашоо чөйрөсүнүн шарттарын жана балык уулоонун балык запастарына, суу омурткасыздарына жана суу тоют объектилерине зыян келтирбеген баалоону билдирет.
7. Балык чарбалык изилдөөлөр төмөнкүлөрдү камтыйт:
– экспедициялык изилдөөлөрдү, контролдук балык уулоолорду, ар кандай балык уулоо шаймандарын колдонуу менен акустикалык жана эсептик сүрөткө түшүрүүлөрдү, эксперименталдык изилдөөлөрдү;
– лабораториялык (камералык) маалыматтарды иштеп чыгууну;
– балык уулоонун жалпы жол берилген көлөмүнүн илимий негизделген чоңдуктарын аныктоо;
– балык ресурстарын сактоо жана жетиштүү табигый кайра өндүрүлүшүн рационалдуу пайдалануу эрежелеринин жана ченемдеринин илимий негиздерин иштеп чыгуу;
– балык чарба суу объектилеринде чарбалык ишмердиктин ар кандай түрлөрүнө балык чарбалык экспертизасын жүргүзүүгө катышуу;
– балык запастарына жана ар кандай объектилердин эксплуатациясы менен келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо боюнча балык чарбалык биологиялык негиздемени даярдоо;
– балык ресурстарын башкаруу процессинде келип чыккан жалпы жана конкреттүү көйгөйлөрдү изилдөө.
8. Контролдук балык уулоо – бул ихтиофаунанын абалына мониторинг жүргүзүү, балык ресурстарын өндүрүп чыгаруунун натыйжалуулугун, чабактардын көбөйүүсүн, суу объектилеринде балык өндүрүмдүүлүгүн аныктоо максатында балыктарды жана башка суу биологиялык ресурстарын кармоо.
3-глава. Ихтиологиялык материалды
топтоо жана иштеп чыгуу
9. Ихтиологиялык материалды жыйноо ар кандай балык уулоо шаймандарын колдонуу менен жүзөгө ашырылат: активдүү балык уулоо шаймандары (же чыңалуу аспаптары: ар кандай типтеги торлордун жана тралдардын), пассивдүү (ячейкалык: ячейканын өлчөмдөрүнө ылайыктуу коюлуучу жана жылмакай торлор).
10. Иштердин жүрүшүндө атайын журнал (эмгек күндөлүгү) жүргүзүлүшү керек, ага бардык маалыматтар: күнү, торду орнотуунун географиялык координаттары, торду орнотуу тереңдиги, балык уулоо жөнүндө маалыматтар, суунун деңгээли, абанын температурасы, уулоонун узактыгы, топурак, метеорологиялык шарттар, суунун гидрохимиялык көрсөткүчтөрү киргизилет. Кабырчыктуу китепке талданып жаткан балыктын иреттик номери, узундугу, салмагы, жынысы, жетилүү стадиясы камтылат.
11. Контролдук балык уулоо бир нече жерде жана бир убакта (эң аз жана эң көп таралган жерлерде) жүргүзүлүшү керек. Эгерде тор орнотмолордун аянты суу объектисинин жалпы аянтынын кеминде 0,05-0,1%ын, биологиялык талдоого дуушар болгон балык особдорунун саны ар бир жаш (өлчөм) тобу үчүн (өнөр жайдан балыктардын жоголуп кетүү коркунучунда турган түрүнүн жана сейрек категориядагы чоң курактагы балыктарды кошпогондо) 10дон 25ке чейинки нусканы түзсө, материал репрезентативдүү болуп саналат.
12. Контролдук балык уулоо жерлеринде портативдик анализатордун жардамы менен суунун физикалык-химиялык параметрлерин (суунун температурасы, pH, туздуулугу, жалпы минералдашуусу, кычкылтектин курамы) өлчөө зарыл.
13. Сыноочу тор катарлары жээктен ар кандай аралыкта жана ар кандай тереңдикте жайгаштырылышы зарыл. Жээке жакын катар –жээке жакын, ал эми тереңдиктеги – кадимки өнөр жайлык зонадан тышкары болушу керек. Торлордун бир катары жээкке паралель, кийинки катары ага перпендикуляр болуп, экөөнүн ортосунда кезектешип жайгаштырылышы керек.
14. Жетиштүү негизсиз сыноочу торлордун кабыл алынган катарлары жана жайгашуусу өзгөрүлбөйт. Катарларды жайгаштыруунун планы жана шарттары, тилкенин узундугу жана тереңдиги боюнча багыты, жээктен алыстыгы, жана андан кийинки бардык өзгөртүүлөр жана кыймылдар журналдарда, күндөлүктөрдө жана жумушчу карталарда жазылышы керек. Контролдук катарларды текшерүүдө кайсы уячанын өлчөмдөрү ал жер үчүн ылайыктуу экендиги аныкталат.
15. Балыктарды жыйноодо ар бир уячанын өлчөмү боюнча өзүнчө сорттолуп жана өзүнчө иштетилиши керек. Балык алынган торлордун уячанын өлчөмүн кылдаттык менен белгилөө зарыл. Балыктын жалпы эсеби ар бир коюлган уяча өлчөмүндөгү торго түн ичинде кармалган орточо көрсөткүчтөр боюнча милдеттүү түрдө жүргүзүлөт. Бул балык уулоонун маанилүү көрсөткүчү болуп саналат.
16. Ихтиологиялык материалды топтоо жана иштетүүнүн жалпы кабыл алынган методикасына ылайык, ар бир жеке организмдин дене узундугун жана массасын өлчөө, жынысын жана курагын аныктоо, дене абалынын, гонадалардын жетилгендигинин абалын баалоо, ихтиофауна түрлөрүнүн курамын аныктоо, саны жана биомасса боюнча катышын эсептөө жүргүзүлөт. Популяциялардын курактык жана өлчөмдүк түзүлүшүн баалоо, жаш жана жетилген особдордун пайыздык катышын аныктоо, жынысы жетилген өндүрүүчүлөрдүн бар-жогун аныктоо, муундардын динамикасын изилдөө жүргүзүлөт.
17. Балыктын өнөр жайлык запастарынын абалы алардын жаштык курамын талдоо жолу менен бааланат. Балык кармоодо кичик топтордун болушу – запастык шарттардын начар абалын, ал эми чоң топтордун болушу – запасатардын жетишсиз пайдаланылгандыгын көрсөтөт.
18. Уулоонун жаш курамын аныктоо үчүн адатта орточо үлгүлөр колдонулат (ар бир байкоо пунктунда кеминде 1000ден балык үлгүсү алынат). Жашы аныкталгандан кийин ар бир курактык топтогу жыныстардын пайыздык катышы белгиленет.
19. Балык запастарын жана балык уулоо болжолдоолорун аныктоо методикасы үчүн балык уулоонун көп жылдык статистикасы чечүүчү мааниге ээ. Запастын абалын жана балык уулоо болжолдоолорун баалоо үчүн төмөнкү материалдар зарыл:
1) бир нече жылда балык уулоо боюнча статистикалык маалыматтар;
2) балыктын орточо узундугу жана салмагы боюнча массалык маалыматтар;
3) урук чачуучу популяциянын (жетилгент балыктын) курамы сүзүүчү балык уулоочу куралдарды колдонуу менен алынган орточо үлгүлөрдүн негизинде белгиленет;
4) курактык топтордун орточо узундуктары менен массалык курактык материал;
5) урук чачуучу популяциянын негизги курак топторунун өсүү темпи аныкталат;
6) чабактарды (бир жай өткөргөн балыктардын) эсепке алуунун негизинде муундардын кубаттуулугу бааланат.
4-глава. Балык запастарынын санын баалоо ыкмалары
20. Ар бир өнөр жайлык түр боюнча балык запастарын түздөн-түз эсепке алуу ыкмасы активдүү балык уулоо шаймандарын (тордун жана траллдын ар кандай түрлөрү) колдонууга негизделген. Суу объектисинин бардык бети бирдей участокторго – станцияларга бөлүнөт. Кармоо станциялар боюнча жүргүзүлөт. Тор менен кармоо жолу аркылуу тор менен кармалган аянттагы балыктын саны аныкталат, андан кийин алынган чоңдук төмөнкү формула боюнча бүткүл өнөр жайлык аянтка кайра эсептелет:
P=S*a*К
b
Р – балык популяциясын сандык баалоо;
S – суу объектисинин аянты;
b – балык уулоонун бир зонасынын аянты;
а – бир торго туура келген орточо кармоо;
К – балык уулоочу куралдын кармоо коэффициенти.
21. Cалыштырмалуу санды аныктоо ыкмасы. Запастарды сандык баалоонун тактыгы биринчи кезекте балык уулоонун орточо эсебинин тактыгына көз каранды. Орточо уулоо арифметикалык орточо катары аныкталат жана ал кокустук чоңдук болуп саналат, анткени ал кокустук кошулмалардын – айрым уулоолордун суммасынан турат. Белгиленген ыктымалдуулук менен орточо кармоонун маанисинин айрым четтөөлөрүн аныктоо кызыгууну жаратат. Берилген ыктымалдуулук менен орточо уулоодогу өзүнчө четтөлөрдү төмөнкү формулалар менен аныкташат:
a=(∑ᶏ)/n ; σ=√(∑(a-a)2)/n; 〖ε 〗_(0,95)= 1,96 σ/(√n) ,
а – орточо кармоо;
а – балык уулоочу шаймандарды бир алып салуу
билдирүүлөрдүн саны;
кармоонун стандарттык чектөөсү (кармоонун орточо квадраттык четтөөлөру);
0,95 – берилген ыктымалдуулук менен алынган орточо кармоонун тактыгы 95%;
1,96 статистикалык коэффициент.
22. А.Г. Мельникованын суу объектилериндеги балыктын санын жана биомассасын баалоо ыкмасы пассивдүү балык уулоочу шаймандарды (орнотулган торлор) колдонууга негизделген. Бул ыкмага ылайык, балыктын саны N төмөнкү формула менен аныкталат:
(1)
N – балыктын саны (үлгүлөр);
Yc – бир нетворка боюнча орточо кармоо (үлгулөр);
Wb – суу сактагычтын көлөму (м)
q – таза кармоонун коэффициенти 0,2ге барабар деп кабыл алынат;
Wc – тор менен кармалган резервуардын көлөмү (м)
Wc – төмөнкү формула аркылуу табылган:
I – тармактын узундугу;
H – тармактын бийиктиги;
T – балык кармоо убактысы;
π – туруктуу;
23. Өнөр жайлык запас төмөнкү формула боюнча эсептелинет:
M = N×m (3)
M – балык муунунун биокөлөмү кг, тонна;
N – формула боюнча аныкталган саны (1);
M – муундагы особдордун орточо биокөлөмү.
5-глава. Балыктын белгилүү бир түрү боюнча
кармоонун жалпы жол менен берилген көлөмүн
аныктоо чаралары
24. Балык уулоонун жол берилген көлөмүн белгилөө үчүн жылдык өсүү темпин жана табигый өлүм коэффициентин аныктоо зарыл.
25. Жылдык өсүш эске алынат, балыктын табигый өсүшүнөн жана жаш балыктардын чыгарылышынын эсебинен жыл ичинде популяциянын массасы канчалык көбөйөрүн (кг/тонна) көрсөтөт. Жылдык өсүштүн болжолдуу чоңдугу өнөр жайлык запастын 20-30% (0,20–0,30) катары алынат (коэффициент көп жылдык байкоолор боюнча аныкталат жана балыктын өсүү ылдамдыгы боюнча айырмаланат).
26. Табигый өлүмдү эсепке алуу. Бул өнөр жайдан эмес, табигый себептерден (оору, тамак-аш атаандаштыгы, карылык, айлана-чөйрөнун булганышы ж.б.) өлүмгө дуушар болгон балыктардын үлүшү. Бул көрсөкүчтү аныктоо үчүн курактык катарлар салыштырылат. Кыргыз Республикасынын балык чарба суу объектилери үчүн болжолдуу көрсөткүч катары табигый өлүмдүн 0,1-0,15 (10-15%) коэффициенти колдонулат.
27. Балык уулоонун жол берилген көлөмү төмөнкү формула боюнча аныкталат.
ОДУ = М х (Кп – Кс) х R
М – (3) формула боюнча аныкталган коммерциялык запас;
Кп – өсүү коэффициенти 0,20-0,30;
Кс – өлүмдун көрсөткүчу 0,15-0,20;
R – коопсуздук коэффициенти 0,7-0,9.
6-глава. Жыйынтыктоочу жоболор
28. Илимий максаттарда жана контролдук балык уулоо үчүн пайдалануучу балык уулоо куралдары белгиленген тартипте балык уулоону жүзөгө ашырган уюмга торлордун тиешелүүлүгүн, жактын аты-жөнүн жана кызмат ордун, уулоого жоопкерчиликтүүнүн, илимий же контролдук балык уулоо укугуна балык билеттеринин номери жана мөөнөтү көрсөтүлүп, биркаланышы (маркировкаланышы) керек.
29. Илимий максаттарда балык уулоонун жана контролдук балык уулоонун ар бир учуру белгиленген формада балык уулоо жеринде түздөн-түз катталууга тийиш, мында балыктын түрдүк курамы, балыктын ар бир түрүнүн саны, балык уулоо убактысы жана орду, колдонулган балык уулоо куралдары, ошондой эле балык уулоо менен алектенген уюмдар жана жеке адамдар, бул жумуштарды аткаруу учурунда катышкан адамдар милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.
30. Ар бир конкреттүү учур үчүн кармалган балыктын көлөмү ихтиологиялык материалдарды жыйноо жана иштеп чыгуу ыкмасынын негизинен улам аныкталат.
31. Ар бир илимий же контролдук балык уулоонун натыйжалары каттоо жана балык уулоону эсепке алуу журналында чагылдырылат жана балык уулоону жүргүзгөн жана катышкан адамдар, балык уулоо убактысы жана орду, колдонулган балык уулоо куралдары, кармалган ар бир түрүнүн особдорунун саны (даана жана килограмм менен) жөнүндө маалыматтар камтылган акт менен таризделет.
32. Акт контролдук балык уулоо түздөн-түз жүргүзүлгөн жерде изилденген балыкты (эгер ал товардык көрүнүшүн жоготсо) эсептен чыгаруу жөнүндө актыны ага тиркөө менен түзүлөт.
33. Актыга илимий же контролдук балык уулоону жүргүзгөн адамдар, суу обьектиси бекитилип берилген балык чарба субьектинин өкүлү жана ага катышкан башка адамдар тарабынан кол коюлат.
34. Каттоо жана балык уулоону эсепке алуу журналдары жана илимий жана контролдук балык уулоо максаттарында балык уулоо актылары илимий-изилдөө жана ихтиологиялык иштерди жүргүзүүгө жооптуу жактарда балык уулоо жүргүзүү орду боюнча сакталат.
35. Суу обьектилеринде илимий жана контролдук балык уулоо иштерин жүргүзүүдө балык уулоого жооптуу адамдар балык чарбасын коргоо жана экологиялык коопсуздук органдарынын кызматкерлерине текшерүү үчүн өздөрү менен төмөнкүлөрдү алып жүрүүлөрү жана көрсөтүүлөрү милдеттүү:
– илимий же контролдук балык уулоо укугуна балык уулоо билеттери;
– кызматтык күбөлүк же өздүгүн тастыктаган башка документ (күбөлүк, паспорт);
– илимий жана контролдук балык уулоо максаттарында балык уулоо эсебинин актыларынын бланкттары;
– илимий жана контролдук балык уулоо максаттарында балык уулоону каттоо жана эсепке алуу журналы;
36. Зарыл изилдөөлөр жана текшерүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин
балык уулоону жүргүзүүгө жооптуу жактардын, балык чарбасын коргоо кызматкерлеринин жана балыкты эсептен чыгаруу жана жок кылууга катышкан башка жактардын катышуусунда жок кылуу актысын түзүү менен жок кылынат.
37. Суу объектилериндеги илимий иштер жана контролдук балык уулоо аяктагандан кийин, балык уулоо жүргүзгөн илимий уюмдардын жана ихтиологиялык кызматтын кызматкерлери, балык уулоо билетинин мөөнөтү бүткөн күндөн тартып 10 күндүн ичинде, балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарга каттоо журналдарын, балык уулоону эсепке алуу актыларын жана колдонулган балык уулоо билетин, ошондой эле кармалган балыктын соода тармагына өткөрүлгөндүгү жөнүндө коштомо кагазынын көчүрмөлөрүн же аны эсептен чыгаруу актыларын тиркөө менен, аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча отчетторун беришет.
38. Илимий уюмдун жана ихтиологиялык кызматтын кызматкерлери отчетторду жана ушул Жободо каралган башка зарыл документтерди бербеген учурда мындай уюмдарга жана жеке жактарга балык уулоо билеттерин берүү мындан ары жүргүзүлбөйт.
39. Ушул Жобонун аткарылышын контролдоо балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.