Редакцияот 26.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

XXVIII чакырылыштын 5 (кезектүү) сессиясы

 

2021-жылдын 26 ноябры № 35

Айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын милдетин жүктөө жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 167 беренесине ылайык, жана Гавриловка айылдык кеңешинин төрагасынын А.Т.Ибраимовдун иштин көлөмү көбөйгөндүгүнө байланыштуу “Айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын милдетин жүктөө жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Гавриловка айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын иш-милдеттери Гавриловка айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т.И.Тюлемишовага жүктөлсүн.

2. Гавриловка айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын кызмат акысынын 40 пайызы Т.И.Тюлемишовага Гавриловка айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын милдетин аткаргандыгы үчүн өлңүп берилсин.

3. Финансы экономикалык бөүмүнүн башчысы Ж.Б.Карымшакова акча каражаттарды издесин.

4. Ушул токтомдун аткарылышы Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.С.Становго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А.Т.Ибраимов